Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрүп жатат. Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри да катышып жатканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Президенттин басма сөз кызматы: «Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат», деп кабарлады.

28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 адамга жетти, алардын ичинен 8 киши каза болду. 416 бейтап айыгып чыкты.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу алгач өзгөчө кырдаал, андан соң 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, карантиндик чектөөлөр киргизилген.

Мекеме-ишканалар, бардык билим берүү жайлары карантинге жабылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептей турганын 24-апрелде айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG