Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Польша: мурдагы жетекчилер шайлоого бойкот жарыялоого чакырышты


Жергиликтүү медиа бул шайлоодо кайра эле азыркы президент Анджей Дуда жеңиши мүмкүн экенин жазууда.
Жергиликтүү медиа бул шайлоодо кайра эле азыркы президент Анджей Дуда жеңиши мүмкүн экенин жазууда.

Польшада Лех Валенса, Александр Квасьневский баштаган тогуз мурдагы президент, премьер-министрлер 10-майга белгиленген президенттик шайлоого бойкот жарыялап, элди жана талапкерлерди ага катышпоого үндөштү. Алар почта аркылуу добуш берүү "Конституцияга туура келбейт жана купуялуулукту бузат" деп белгилешет. Ошондой эле коронавирус пандемиясы күчүндө турганда шайлоо өткөрүү кооптуу экени эскертилген.

Буга чейин Европа кеңешинин мурдагы президенти, польшалык Дональд Туск да шайлоого бойкот жарыялаган. Сурамжылоо 10-майда шайлоо өтсө поляктардын 30% азы катышарын көрсөткөн.

Жергиликтүү медиа шайлоонун биринчи турунда кайра эле азыркы президент Анджей Дуда жеңиши мүмкүн экенин жазууда. Анын азыркы мөөнөтү 6-августта соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG