Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Лукашенко кызматташтарын Минскидеги парадга чакырды


Александр Лукашенко жана анын жанындагылар беткап тагынууга чыгына элек. 26-апрель, 2020-жыл.
Александр Лукашенко жана анын жанындагылар беткап тагынууга чыгына элек. 26-апрель, 2020-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко бардык өлкө башчыларын 9-майдагы жеңиш парадына чакырды.

«Жок дегенде мурдагы Советтер Союзундагылардын башчыларын Минскиге келип, парадга катышууга ачык чакырам. Кимдир-бирөө тобокелге салып, келет деп үмүттөнөбүз», - деди Лукашенко 5-майда журналисттер менен жолукканда.

Ал Беларус Улуу Ата Мекендик согушта биринчи сокку жеген, башкалардан көбүрөөк жабыркаган өлкө экенин эске салды.

Коронавирустун таралышына, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эскертүүлөрүнө карабай Минск карантиндик чектөөлөрдү киргизе элек. Президент Лукашенко COVID-19 илдетине байланыштуу маалыматтарды саясат катары баалап келет. Акыркы расмий маалымат боюнча Беларуста коронавирус жугузгандар 18 миңден ашты, анын ичинен 107 адам көз жумду.

Өлкөдө коронавирус жок экенин билдирген постсоветтик Түркмөнстандын бийлиги да парад өткөрүүгө камынууда. Ал эми Орусия баштаган башка өлкөлөр Улуу Жеңишти быйыл көчөдө шаан-шөкөт менен белгилөөдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG