Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

15-майда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 18…23;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус болот.

XS
SM
MD
LG