Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Мамкаттоо: Жоголгон документтердин электрондук бюросуна төрт миңдей маалымат топтолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жоголгон документтер тууралуу арыздар топтолуучу электрондук бюронун базасына бүгүнкү күндө төрт миңдей документ чогулду. Бул тууралуу 2-июнда мекеменин басма сөз бөлүмү кабарлады.

Кызмат 2017-жылы иштей баштаган. Бюрого кимдир-бирөөнүн документин таап алгандар да, издегендер да кайрылса болот.

Базадагы төрт миңдей документтин жарымы ээсине кайтарылып берилген. Эң көбү – паспорттор, туулгандыгы жөнүндөгү, айдоочулук жана нике күбөлүктөрү.

Кыргызстанда жарандарга биометрикалык паспорт 2017-жылы бериле баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG