Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы пикет жөө жүрүш менен жыйынтыкталды


Акүйдүн алдындагы пикет. 15-июнь, 2020-жыл.
Акүйдүн алдындагы пикет. 15-июнь, 2020-жыл.

Бишкектеги Акүйдүн алдында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы уюштурулган пикет милициянын кийлигишүүсүнөн кийин “БУУнун аялдары” кеңсесине чейин жөө жүрүш менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” пикетке чыккан активисттердин бири, "Бишкек феминисттик демилгелер" коомдук фондунун өкүлү Айжамал Бектенова билдирди:

“Биз пикетте санитардык талаптарга ылайык беткап кийип, аралыкты сактап турганбыз. Милиция келип, биздин колубуздагы транспаранттарды алууга аракет кылганда айласыз топтолуп калдык. Ошол учурда алар “аралыкты сактабай жатасыңар” деп айыпташты. Көпкө тургузган жок. 15-20 мүнөттөн кийин эле Чүй проспекти менен Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан “БУУнун аялдары” уюмунун кеңсесине чейин жөө жүрүш кылып, иш-чарабызды жыйынтыктадык”.

Милиция акцияга чыккан активисттерди таратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

15-июнда отуздан ашык активист Бишкектеги Акүйдүн жанына чогулушкан. Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, муну пандемияга байланышкан өзгөчө кырдаал абалы менен түшүндүргөн.

Чогулгандар Сузакта өткөн аптада күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган аялдын, жыл башынан бери күйөөлөрүнүн колунан каза тапкан келиндердин окуясына, "Бишкек паркта" 13 жаштагы кызды зордуктаган эркектин сотто акталышына коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөштү.

Аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу талабы менен жалгыздап пикетке чыгуу чакырыгы “Бишкек феминизм клубунда” жарыяланган.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган.

ИИМдин маалыматында быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 65% арбын.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG