Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Орус элчиси Хангошвилинин өлүмү боюнча айыптоону четке какты


Хангошвили Берлиндин Моабит районунда киши колдуу болгон. 23-август, 2019-жыл.
Хангошвили Берлиндин Моабит районунда киши колдуу болгон. 23-август, 2019-жыл.

Орусиянын Германиядагы элчиси Сергей Нечаев чечен тектүү грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө байланыштуу немис прокурорлорунун айыптоосун четке какты. Анын элчиликтин сайтына жайгаштырылган билдирүүсүндө "Хангошвили орусиялык мамлекеттик түзүмдөрдүн буйругу менен өлтүрүлгөн деген бүтүм эч кандай фактылар жана далилдер менен ырасталган эмес" деп жазылган.

Элчи эгер немис бийлиги Москвага каршы чараларды көрсө, "орус тарап дагы жөн карап турбайт" деп эскерткен.

18-июнда Германиянын прокурорлору былтыр Берлинде Хангошвилинин киши колдуу болгонуна байланыштуу Орусиянын "Вадим К." аттуу жаранына айып таккан. Прокурорлор орус жараны "киши өлтүрүү" жана "курал-жарак мыйзамдарын бузуу" беренелери боюнча айыпталып жатканын, Хангошвилинин көзүн тазалоо буйругун орус өкмөтү бергенин билдиришкен.

Аны улай немис тышкы иштер министри Хайко Маас Орусиянын Берлиндеги элчиси министрликке чакыртылганын, ага Германиянын бул маселе боюнча позициясы жана алдыдагы чаралары тууралуу маалымат берилерин айткан.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG