Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Түрмөдөн чыккан тажикстандык мигранттар ачкачылык жарыялады


Орусиянын карамагындагы Мордовия республикасында абактан чыгары менен кайрадан изоляторго алынган 24 тажикстандык ачкачылык жарыялады. Алардын жаза мөөнөтү апрель айында бүткөн болчу. 

Орусияда Тажикстандын 24 жараны мурдагы кылмышы үчүн жаза мөөнөтүн апрель айында өтөп бүтүп, эркиндикке чыгуу алдында турган. Бирок орус бийлиги алар түрмөдөн чыгары менен убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Орус бийлиги муну коронавируска байланыштуу чек аралардын ачылбай жатышы менен түшүндүрүшкөн.

Абактан чыгары менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген тажикстандык Илхомжон Зарифов аттуу жаран эки күн ачкачылык жарыялашканына болгонун айтты.

"Биз Орусиянын жана Тажикстандын бийлигинин кайдыгерлигине нааразылык билдирип атабыз. Убактылуу кармоочу жайдагы абал түрмөдөн айырмасы жок. Биз убактылуу кармоочу жайдын кызматкерин чакырып, тамактан баш тартканыбызды, ачкачылык акцияны баштаганыбызды айттык. Тажикстандын Орусиядагы элчилигине кайрылдык. Алар Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы бизге билет сатып алып, мекенибизге жибериши керектигин билдиришти".

Маңзат сатууга айыпталып 9 жылга эркинен ажыратылган Зарифовдун жаза мөөнөтү ушул жылдын апрел айында бүткөн. Расмий маалымат боюнча коронавирус пандемиясы башталгандан бери Орусиядан тажикстандык 800 мигрант чартердик каттамдар менен туулган жерине жеткирилген.

Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имамидин Сатари Орусияда убактылуу кармоочу жайда жаткан жарандар менен байланышканын, аларды сабырдуулукка чакырганын айтты.

"Мурда Екатеринбургда убактылуу кармоочу жайда жаткан 28 жаранды чыгарып кеткенбиз. Алар абал оор экенин түшүнүү менен кабыл алып турушса болмок. Биз бул багытта эми эле иштей баштадык. Эгерде чек аралар ачык болгондо алар качан эле үйүндө болушмак".

Бирок азыр убактылуу кармоочу жайда ачкачылык жарыялап жаткан Илхомжон Зарифов буга окшогон убадалар көп жолу берилип, бирок аткарылбаганына токтолду.

"Биз көп жыл бою түрмөдө жаттык. Чыдап турмакпыз, бирок азыр бул жерде абдан көппүз. Шарттары да өтө начар".

Мордовия түрмөлөрүндө миңге жакын тажикстандык бар экени айтылып келет. Алардын айрымдары түрмө кызматкерлери тарабынан бир нече жолу кыйноого кабылдык деп даттанышкан.

Орусиядагы мигранттар арасында кылмыштуулук боюнча тажикстандыктар алдыңкы сапта турушат. Учурда Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан тажикстандыктардын саны 10 миңге жетет.

Орус түрмөлөрүндө Өзбекстандын 7 миңге жакын, Кыргызстандын 2 миңдей жараны бар.

XS
SM
MD
LG