Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Өпкөсү кагынгандар да коронавирус деп катталмай болду


Саламаттык сактоо министрлиги пневмония болуп ооруп жаткандарды да коронавирус деп каттоого алуу тууралуу буйрук чыгарды.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Буга чейин бир топ адистер өпкөсүнөн кагынып ооруган, бирок анализинен коронавирус табылбаган бейтаптардын баарын COVID-19 катары дарылоо керектигин айтып чыгышкан эле. Бирок коронавируска каршы республикалык штаб эки башка санап келген.

16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова пневмония менен ооругандарды да коронавирус деп каттоо тууралуу буйрук чыкканын билдирди.

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова "Азаттыкка" берген маегинде пневмония болгондорду да коронавирус деп каттоого алуунун мааниси тууралуу айтып берди.

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

- Акыркы үч жумада көз жумгандардын баары COVID-19дан каза тапканын башынан эле белгилеп келатам. Тест тапшырганда коронавирус аныкталган жок деп чыгарылган тыянактар деле туура эмес болушу мүмкүндүгүн март айында эле айткам. Мунун баары технологиядан көз каранды. Туура эмес аныкталган учурда бейтап “коронавирус эмесмин” деп жүрө берип, абалы оорлоп кайтыш болуп калышы мүмкүн.

Кыргызстандык патологоанатомдор муну терең иликтешти. Адистер коронавирус аныкталбаган, пневмониядан өлгөн кишилердин организмин текшергенде COVID-19ду аныкташты. Демек өпкөсү кагынуу деген жок, тастыкталбаган COVID-19 бар.

- Тастыкталбаган коронавирус дегенди кандай түшүнсөк болот?

- Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19​ду дарылоо боюнча колдонмосунун үчүнчү басылмасында диагноз коюу эрежелери жазылган. Дарттын эл аралык классификация маселелери да камтылган.

Коронавируска байланыштуу төмөнкүдөй пункттар бар. Биринчиси - тастыкталган COVID-19 же болбосо тастыкталган коронавирус инфекциясы деп жазылат.

Экинчиси - тастыкталбаган коронавирус инфекциясы. Бул деле COVID-19, болгону лаборатория аныктаган жок. Аны рентген, компьютердик томография тастыктайт. Же болбосо, өлүмдөн кийинки вирусологиялык изилдөө аныктайт.

Бул башынан эле белгилүү медициналык эрежелер. Себеби, оорунун белгилери, кесепети окшош: адамдын табы көтөрүлөт, дем алганда кыйналат, алсырайт, көз жумат. Бирок аны “COVID-19 эмес, пневмония болду” деп тыянак чыгара беришет. Канча деген адамдарга ушундай диагноз коюшту.

Коронавирус алгач Сузакта аныкталган. Ошол райондо бир медицина кызматкери кайтыш болгон. Ал обсервациядагы элди караган, анализ алган, текшерген, бейтаптар менен сүйлөшкөн, анан өзү да ооруп калган. Дарттын белгилери коронавируска окшош. Беш күн жасалма дем алдырчу аппаратта жаткан, тилекке каршы көзү өтүп кеткен. Бирок ага COVID-19 диагнозу коюлган эмес. Пневмония болуп өлдү деп, текшербей бат эле көмүп салышты.

- Сиздер пневмонияны COVID-19 деп эсептөө боюнча башынан эле айтып келатпайсыңарбы. Кайрылуу бергенге чейин Саламаттык сактоо министрлигинеби же коронавируска каршы республикалык штабгабы, оозеки түрдө болсо да маселе койдуңар беле?

- Саламаттык сактоо министрлигине айтканыбыз менен, алар пневмонияны өзүнчө, коронавирусту өзүнчө санай беришпедиби. Мен эки аптадай мурун айткам (Барыктабасова 16-июлда интервью берди - редакция).

- Сиздер пневмонияны COVID-19​ деп каттоого алууну илимий тыянактарга таянуу менен сунуш кылдыңарбы же оорунун симптомдору окшош болгону үчүнбү?

- Бир канча күн мурун кыргызстандык эле патологоанатомдор пневмония менен өлгөн 43 адамды текшеришкенин айтышты. Алардын баарында ооруган кезинде COVID-19 аныкталган эмес. Бирок өлүмдөн кийинки текшерүүдө коронавирус аныкталды. Ошондуктан, статистиканы бөлгөнгө болбойт. Себеби, пневмония такыр башка эреже менен дарыланат.

- Кандай эреже менен?

- Өпкөнүн кагынуусу бул – вирустук эмес, бактериялык пневмония. Аныкталган күндөн тартып антибиотик менен дарыланат. Коронавирус болгондор ооруканага жаткырылат, текшерүү, ал тургай өлгөн адамды жерге берүүдө да жуктуруп албоо ыкмаларынын баары этияттык менен жасалат. Пневмония болду дегендерге эч кандай коопсуздук чаралары каралбай жатпайбы. Ката экенин элге айтып, муну токтотуу керек. Бул – коронавирус!

- Мындай башты айланткан жагдайдын себеби кыргыз медицинасынын чабалдыгын көрсөтүп турабы же жооптуу кызматкерлердин кайдыгерлигинби?

- Бул жерде системанын эң чоң жаңылыштыгы бар. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда “өпкөнүн кагынуусу” деген шифр кабыл алынган, ал эми “тастыкталбаган коронавирус” деген шифр кабыл алынган эмес. Мындан улам бардык медиктер “өпкөнүн кагынуусу” деп жазып атышат. Бул дарыгерлердин эмес, системанын катасы болду. Ошондуктан, пневмония менен каза тапкандардын эсебин кайра карап, коронавирус инфекциясына кошуп жазуу керек. Себеби, буга чейин тумоо же башка дарттан мынчалык жапырт өлүм катталган эмес. 2017-2019-жылдары кызамыктан өлгөндөр көп болгон, бирок аны ачык айтып чыгышкан эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG