Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Пакистандагы чабуулда беш кол башчы, эки жоочу окко учту


Пакистан аскерлери. 13-апрель, 2012-жыл.

Пакстандын түндүк-батышында жүргүзүлгөн рейд маалында чыккан атышуудан террочулукка каршы иш жүргүзүп келген беш кол башчы жана эки согушкер жан таслим болду.

Полициянын басма сөз катчысы Имтиаз Хандын айтымында, Террорчулукка каршы күрөшүү департаментинин командирлери Чилаз районундагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алышкан.

Ал район Ооганстан менен чектешкен Хайбер Пахтунхва провинциясына жакын жайгашкан.

Рейд маалында эки согушкер өлтүрүлүп, курал-жабдык жана жардыруучу түзмөктөр алынды.

Атышуу үчүн жоопкерчиликти эч кайсы куралдуу топ өз мойнуна ала элек. Ал аймакта адатта «Техрик-и-Талибан Пакистан» тобу активдүү болуп келет.

Өткөн жумада чыккан Улуттар Уюмунун баянында алты миңдей пакистандык согушер кошуна Ооганстанда жашырынып жүргөнү, алардын көбү «Техрик-и-Талибан Пакистан» тобунун мүчөлөрү экени айтылган.

Баяндамада «Техрик-и-Талибан Пакистан» жана анын бөлүмдөрү Пакистан үчүн да, Ооганстан үчүн да өтө кооптуу экени жазылган. Бул топ 2018-жылы 14 кыздар мектебин өрттөп салган.

XS
SM
MD
LG