Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Ош: Милиция «Кактустун» кабарчысын суракка чакырды


Марат Уралиев.

ИИМдин Ош облустук башкармалыгы «Кактус Медиа» порталынын Ош шаарындагы кабарчысы Марат Уралиевди күбө катары суракка чакырды. Ага бир ай мурун тойканадагы мыйзамсыз өтүп жаткан мааракени чагылдырганы себеп болгон.

Уралиевдин айтымында, милиция кызматкерлери 14-август күнү саат 10:00гө расмий чакыруу тапшырып кетишти. Ага чейин бир нече жолу телефон аркылуу чакырышкан.

«Азырынча мыйзамсыз аракеттер деле болгон жок. Кечээ түндөсү 22:00дө, бүгүн да эртең менен телефон аркылуу суракка чакырганы эле болбосо... Экөөнө тең айттым, «расмий кагаз менен чакырсаңар барам» деп. Эми мунун зарылчылыгы деле жок болчу. Анткени, биз барган учурда милиция, өкмөттүн өкүлү биз менен чогуу болчу. Видео тасма деле Интернетте турат. Эмне себептен чакырганын түшүнгөн жокмун. Менден башка деле толтура журналисттер бар болчу», - деди Уралиев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы да журналист күбө катары чакырылганын тастыктап, аны саясатташтырууга негиз жоктугун белгиледи. Ош ОИИБнын жүйөөсүндө кабарчы милицияга 7-июлда «Баястан» тойканасында мыйзамсыз өтүп жаткан маарекени укук коргоо органдарына кабарлагандыктан суракка чакырылган.

Уралиев жана башка бир топ журналисттер 4-июль күнү Ош шаарына жакын жайгашкан «Баястан» тойканасындагы ондогон адам катышкан мааракени чагылдырышкан.

Тойкана тыюу салынганына карабай үч ирет той өткөргөн соң, 13 миң сом айып салынып, суусу жана электр жарыгы өчүрүлгөн. Бул факт боюнча Жазык кодексинин «Санитардык-карантиндик эрежелердин талаптарын бузуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталган. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG