Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Саясий партиялар үчүн коомдук диалог уюштурулат


Кыргызстандагы президенттик шайлоого берилген добуштарды саноо учуру. Бишкек. 2017-жыл.
Кыргызстандагы президенттик шайлоого берилген добуштарды саноо учуру. Бишкек. 2017-жыл.

14- августта Бишкекте «Шайлоонун калыстыгы жана аныктыгы - ишеним менен туруктулуулуктун кепилдиги!» аттуу коомдук талкуу өтөт.

Иш-чарада парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын каржы фондунун ачыктыгы, талапкерлердин тизмеси жана башка маанилүү маселелер боюнча талкуу болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Талкууну ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү БШК менен чогуу өткөрөт.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган.

Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен үч партия түрдүү себептер менен жарыштан четтетилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG