Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

COVID-19: Бир сутка ичинде вирус дагы 196 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 196 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде билдиргендей, Бишкекте - 35, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда - 34, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда - 18 кишиден коронавирус табылды.

Бир күн ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча муну менен өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1055 кишиге жетти.

Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталгандан бери вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 42703 кишиге жетти. Анын 35831 айыкканы расмий кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG