Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Сексизм, эйджизм жана газлайтинг


Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө тил ааламдашууну артынан кубалап, жетпей турган учуру. Кыргыз тилинде дагы англицизмдер, эл аралык сөздөр көбөйүүдө. Аларды тансаңар - өз эркиңиз, бирок билип алсаңар зыяны тийбейт.

Эйджизм – курак-жашка карап дискриминациялоо. Негизинен 50 жаштан ашкан адамдардын карыганын айтып, кемсинтүү.

Сексизм – жыныстык дискриминация. Мисалы, эркектердин айымдарга салыштырмалуу артыкчылыктарын белгилөө. Жыныска байланыштуу стереотиптерди козгоо.

Феминизм – кыз-келиндердин жеке жана социалдык укуктарын, экономикалык, саясий укуктарын коргоо жана кеңейтүү, сексизмди жокко чыгаруу кыймылдарынын жалпы аталышы.

Абъюз – адамдардын ортосундагы мамиледе бирөө экинчисинин шагын сындырып, багынтып алган учур. Абъюзер – басмырлоочу.

Виктимблейминг – “сен өзүң күнөөлүүсүң” деген таризде жабыр таркан кишини, зомбулукка кабылгандарды күнөөлөө. Мисалы, зордукталган кыздын өзүн айыптап, уяткарган аракеттери кездешет.

Газлайтинг – манипуляциянын түрү. Башка бирөөнүн башын айлантып, ал кылбаган нерселерди кылгансың деп ишендирүү. Мисалы, “сен ушинтип айтпадың беле?” деп айтылбаган сөздөрү мойнуна алдыруу. Жыйынтыкта газлайтингге кабылган киши өзү кылган же кылбаганын унутуп, арсар абалда калат.

Шейминг – уяткаруу, абийирин ачуу.

Бодишейминг – дене өзгөчөлүктөрүн сындоо, уяткаруу. Адамдын ашыкча салмагын, арыктыгын же башка физикалык өзгөчөлүктөрүн айтып кемсинтүүнү эл аралык тилде бодишейминг дешет.

Бодипозитив – денеси кандай болбосун аны кейип-кепчибей кабыл алуу. Ашыкча салмакка же арыктыкка маани бербөө, комплекстерге кабылбоо.

Лукизм – адамдын тышкы көрүнүшүн, кийген кийимин сындап, дискриминациялоо.

Стигматизация – мөөр басуу, тактап айтканда стигмаларды (мөөрлөрдү) басуу. Адамга же топко стереотиптерге байланыштырып ага такталбаган, далилденбеген мүнөздөмө берүү. Мисалы:

"Аялдар машинени начар айдашат;

Таластыктардын өпкөсү жок;

Нарындыктардын баары этти жакшы көрөт;

Психологиялык ооруга чалдыккандар айыкпайт, алар кооптуу, психотерапевттерге кайрылгандар – жиндилер. (Чынында психологиляк ооруларга чалдыккандардын көбү агрессивдүү эмес, алар оорудан айыккан учурлар үстөмдүк кылат) ж.б.".

Креативдүүлүк – жаратмандык.

Брейншторминг – “мээ чабуулу” же тактап айтканда, мээнин иштешине түрткү берүү, чыгармачылык жөндөмүн арттыруу, жаңы пикирлерди, идеяларды жаратуу.

Кейс – үлгү болчу окуя; кардарлар белгилүү продукцияны колдонуудагы жакшы таасири, компаниянын маанилүү көйгөйдү чечүү окуясы.

Толеранттуулук – чыдамкайлык, кайсы бир жагдайга көз жумуу.

Эмпатия – инсандын башка адамдардын абалын, сезимдерин түшүнө билүүсү, жароокерлик.

Гринвошинг – өндүрүмдү сатуунун жолу. Продукт экологиялык таза, табигый азыктардан жасалган, органикалык заттардан түзүлгөнү айтылышы мүмкүн, бирок көпчүлүк учурда гринвошингге айыпталган компаниялар дүйнөдө кездешпеген сертификаттардын сүрөттөрүн, мөөрлөрүн, маркировакаларды чаптап кое беришет. Мисалы, “ECO” же “BIO” деген маркировкасы бар продукция сөзсүз турдө экологиялык жактан таза дегенди билдирбейт.

Уайтвошинг – бул негизинен кино тармагында колдонулган термин. Уайтвошинг – кино же сериалда азиялык же африкалык каармандарды “актарга” алмаштырып коюу. Бул көрүнүш чыгарманын маңызын өзгөрткөндөн тышкары, кастинг маалында башка расадагы жарандарга теңсиздик жараткандыктан сындалып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG