Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Дагы эки партия шайлоого катышуудан баш тартты


2020-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоонун логотиби.

«Нур» жана «Тартип-Порядок» саясий партиялары алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) билдирди.

Боршайком кабарлагандай, эки партиянын шайлоого катышуудан баш тартары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алары тууралуу билдирүүсү 27-августта каралып, канааттандырылды.

Ушуну менен парламенттик шайлоого катышуу боюнча БШКга кайрылып, бирок баш тарткан саясий партиялардын саны 15тен ашты.

Бир катар партиялар башка саясий бирикмелер менен биригип шайлоого бара турган болуп жатышат. Айрымдары шайлоого катышуу үчүн керек болгон документтерди толук тапшырган эмес.

Башында шайлоого катышарын жалпысынан 44 партия билдирген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Мыйзамга ылайык, ага катышууну көздөгөн партияларга 20-августка чейин жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 24-август кечке чейин БШКга тапшыруу боюнча талап коюлган.

Боршайком 16 партия эрежелерди аткарганын расмий кабарлаган. «Кыргызстан» партиясынын документтери «шарттарды бузган» деген негизде артка кайтарылган.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG