Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Отунбаева ДССУнун жалпы Европалык комиссиясынын мүчөсү болду


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жалпы европалык комиссиясынын мүчөсү болду.

Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-августта Отунбаева Пан-Европа комиссиясынын “Ден соолук жана туруктуу өнүгүү” иш- чарасына онлайн форматта катышып, саламаттык сактоо жаатында бир катар маселелерди эксперттер менен бирге талкуулаган.

Комиссиянын максаты - пандемиянын шартында саясаттын артыкчылыктуу багыттарын кайра карап чыгуу.

Комиссия саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматтарынын абалын, коомдук саясий артыкчылыкты жогорулатуу, анын ичинде туруктуу өнүгүүнү жана социалдык биримдикти орнотуу боюнча иш алып барат.

Комиссиянын курамына мурдагы президенттер, өкмөт башчылары, илимпоздор жана медицина тармагынын лидерлери кошулган.

Буга чейин Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрына чейин Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын атайын чакыртылган илимий кызматкери болуп тандалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG