Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Илимпоздор: түйүлдүктүн генине кийлишүүгө азырынча эрте


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ менен Британиянын медициналык академияларынын илимпоздору ымыркай түйүлдүк кезинде анын генине кийлигишүүгө азырынча эртелик кыларын билдиришти. Эл аралык окумуштуулардын тобунун корутундусу 6-сентябрда жарыяланды.

Мындан эки жыл мурда кытайлык илимпоз Хэ Цзянкуй адам эмбриондорунун генин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган. Мунун жыйынтыгында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар төрөлгөн. Хэ Цзянкуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт деп билдирген. Окумуштуунун айтымында, анын максаты - тукум кууган ооруларды айыктыруу же алардын алдын алуу эмес, адам организминдеги илдеттерге туруштук бере ала турган жөндөм жаратуу болгон.

Бул окуя генетиктер коомчулугунда чуу жараткан. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып чыгышкан. Мындай кадамга барганы үчүн Хе Цзянкуй үч жылга түрмөгө кесилген.

Баяндамада окумуштуулар түйүлдүктө маселе болгондо, маселен булчуңдардын дистрофиясы, бета-талассемия жана Тай-Сакса аттуу неврологиялык ооруларга кабылуу коркунучу болгондо гана генине кийлигишүүгө жол берилерин белгилешти.

Ал эми адамдын боюн же салмагын өзгөртүп, анан сулуу төрөлүшү үчүн генге кийлигишүүгө азырынча болбойт деп тыянак чыгарышты.

XS
SM
MD
LG