Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

АКШ Ирактагы аскерлеринин бир бөлүгүн ушул айда чыгарат


Ирактагы америкалык аскерлер.
Ирактагы америкалык аскерлер.

Пентагон ушул айда Ирактагы америкалык аскерлерди 40% азайтып, жалпы санын үч миң жоокерге жеткире турганын 9-сентябрда билдирди.

Ушу маалда бул өлкөдө америкалык 5 200 аскер жайгашкан. Аскерлерди чыгаруу күтүлгөн кадам болчу. Контингент «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөш үчүн 2014-жылы жөнөтүлгөн.

АКШ баштаган коалиция ирактык аскерлер эми өз алдынча күрөшө алат деп эсептейт. Кошмо Штаттар Иракта туруктуу аскердик база орнотуу планы жок экенин билдирип келет. Вашингтон жана Багдад июнда америкалык аскерлердин санын азайткысы келерин жарыялашкан.

Жыл башында Ирандын Революция сакчылары корпусунун тандалма бөлүгүнүн таасирдүү кол башчысы, генерал Касем Сулеймани жана ирактык согушкер кошуундун лидери Абу Махди ал-Мухандис Ирактын башкалаасынын жанындагы аэропортто америкалык дрондун соккусунан ажал тапкандан кийин Багдад менен Вашингтондун мамилесинде чыңалуу пайда болгон. Окуядан кийин Ирактын парламенти эл аралык контингенттин өлкөдөн кетишин караган аткарууга милдеттүү эмес резолюцияны кабыл алган.

АКШнын аскерлери Иракка 2003-жылы коалицияны баштап кирген, кийин 2011-жылы чыгып кетип, 2014-жылы кайра кайткан.

XS
SM
MD
LG