Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Өзбекстанда «Nike» жана «Adidas» бренддеринин бут кийимдери чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда «Nike» жана «Adidas» бренддеринин бут кийимдерин тигүү пландалууда. Бул тууралуу «Узчармсаноат» бирикмесинин төрагасы Фахриддин Бобоев «Review.uz» басылмасына билдирди:

«Биздин базарга кирүү тууралуу «Nike» жана «Adidas» компаниялары менен макулдашуу бар. Спорттук бут кийимдерди өндүрүү Анжиян облусунда жүргүзүлөт. Биргелешкен «SinoInternational» заводунда аутсорсинг шарты менен дүйнөгө белгилүү бренддин үч миллион даана бут кийимин чыгарууну пландап жатабыз».

Бобоев Өзбекстанда сапаттуу булгаары жетиштүү жана жумушчу күчү кыйла арзан экенин белгилеп, бул артыкчылыктарды Өзбекстанда дүйнөлүк бренддерди көбөйтүш үчүн пайдаланыш керек экенин кошумчалады.

Өзбекстанда валюта реформасы башталгандан кийин өлкөгө чет өлкөлүк ири компанияларды жана инвестицияларды тартуу күчөгөн. 2017-жылдын күз айларынан 2020-жылга чейин дүйнөлүк 30дан ашуун бренд Өзбекстан рыногуна кирген. Алардын арасында банктар, тамак-аш кызматтары бар.

XS
SM
MD
LG