Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Европарламент Навальныйдын иши боюнча Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Европа парламенти орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын өмүрүнө кол салуу аракети боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө, Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Документте Навальныйдын өмүрүнө кол салуу «Орусияда сынчыл ой-пикирдеги адамдардын үнүн басыш үчүн системалуу жүргүзүлгөн аракет» катары мүнөздөлүп, Кремлдин мындай саясаты «өлкө ичиндеги репрессия жана тышка көрсөтүлгөн агрессия» деп бааланат. Санкцияларды Навальный жана анын Коррупцияга каршы күрөш фонду жүргүзгөн иликтөөлөрдө аты аталган бардык орусиялык аткаминерлерге каршы кабыл алыш керек экендиги баса белгиленет. Буга «Магнитский тизмеси» сыяктуу бирдиктүү санкциялык документ иштеп чыгуу сунушталат. Бир күн мурда эле Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен жолугушуусунан кийин Орусияга Навальныйдын ууланышын терең иликтеп, түшүндүрмө берүүгө жетиштүү убакыт берилгенин баса белгилеген.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эсин жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, оппозиционер «Тез жардам» ооруканасына жаткырылган. Эки күндөн кийин Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Көп өтпөй дарыгерлер анын ууланганы ырасталганын билдиришкен.

Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондундагы кесиптештери саясатчы Томскиде аэропортто же учакта эмес, мейманканада ууландырылганын маалымдап жатышат. 20-августта оппозициячы учакта эстен танып жыгылгандан кийин анын тарапташтары Томскиде түнөгөн мейманканадагы бөлмөсүнөн буюм-тайымдарды чыгарып кетишкен. Кийин Берлинге жөнөтүлгөн буюмдардын ичинен уулуу «Новичок» затынын издери суунун бөтөлкөсүнөн аныкталган.

Расмий Москва Навальныйдын уулуу «Новичок» заты менен ууландырылганын тастыктаган Европадагы лабораториялардын далилдерин көрбөгөнүн билдирип, Кремлге айтылган бардык дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG