Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Түркмөнстандын мектептеринде орус класстар жабылууда


Түркмөнстандагы мектеп окуучулары.
Түркмөнстандагы мектеп окуучулары.

Түркмөнстандын мектептеринде орус тилинде окуткан класстарды кыскартуу улантылып жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды. Буга чейин баш калаа Ашхабаддагы бир нече мектепте орус тилинде окутуу бөлүмү жабылса, эми облус аймагындагы мектептерде да орус тилдүү класстар кыскартылып жатканы кабарланды. Август айынын соңунда Turkmen.news басылмасы Ашхабаддагы мектептердин биринде орус тилинде окуткан класстар жабылган соң мугалимдер менен ата-энелер каршылык акциясын өткөргөнүн жазган. Ошондой эле бийлик тургундардан орусча сүйлөбөөнү талап кылып жатканы тууралуу да кабар бар.

Бийлик бул маселе боюнча эч кандай үч ката элек. Президенттин администрациясына жакын булактардын айтымында, буга орус жарандыгын алган түркмөндөр өлкөдөн чыгып баратып түркмөн паспортторун эл көзүнчө тытып салганы түрткү болгон. Түркмөнабад-Москва каттамы аркылуу Орусияга кетип жаткан түркмөндөрдүн бул аракети президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун кыжырын келтирип, ал орус тилдүү класстарды кыскартууга буйрук берген.

15-сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги расмий Ашхабадга жагдайды түшүндүрүүнү өтүнгөн нота жибергенин өз сайтында кабарлады.

XS
SM
MD
LG