Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Сталиндик репрессиянын бетин ачкан журналист Регина Хелимская эскерилди


Регина Хелимскаянын «Ата-Бейиттеги» репрессия курмандыктары тууралуу китеби.
Регина Хелимскаянын «Ата-Бейиттеги» репрессия курмандыктары тууралуу китеби.

Бүгүн, 23-сентябрь күнү сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерүү болду. Иш-чара «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде, ачык асман алдында өттү. Анда Регина Хелимскаянын сталиндик репрессиянын бетин ачууга кошкон салымы, өткөн кылымдын 30-жылдарындагы кыргыз интеллигенциясынын репрессияланышы, анын курмандыктарын реабилитациялоо иштери алигиче аягына чыкпай турганы тууралуу сөз болду.

Ошондой эле репрессияга кабылып, 1938-жылы атылган 137 адам көмүлгөн жердин аныкталышына чоң салым кошкон, «Ата-Бейиттин» кыйла жылдарга катылган сырын коомчулукка алып чыккан Бүбүйра Кыдыралиеванын да эмгеги тууралуу айтылды. Иш-чаранын уюштуруучусу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова репрессия курмандыктарын иликтөө иши токтотулбай, улантылууга тийиш экенин белгиледи:

«Коопсуздук кызматынын өкүлү айткандай, сталиндик репрессиянын курмандыктарынын кайда, качан көмүлгөнү тууралуу таптакыр маалымат жок экен. Бул Чоң-Таштагы «Ата-Бейитти» да Бүбүйра апа айтпаса, билинбей кала бермек. Регина Хелимская мурдагы НКВДнын имараты турган, азыркы «Эл ассамблеясы» жайгашкан жерге чоң кара ташты репрессиянын символу катары коюуну осуят кылып кеткен. Ошондой эле анын өтүнүчү менен 8-ноябрь - Кыргызстандагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп киргизилген».

Эскерүү иш-чарасына тарыхчылар, укук коргоочулар, окумуштуулар жана репрессияланган интеллигенция өкүлдөрүнүн небе-чөбөрөлөрү катышты.

Журналист, сынчы Регина Хелимская «Ата-Бейитте» көмүлгөн 137 адам тууралуу архивдик маалыматтарды чогултуп, «Чоң-Таш сырлары» аттуу китеп жазган. Китеп 1994-жылы 25 миң нуска менен чыккан.

Өткөн кылымдын отузунчу жылдары Кыргызстанда репрессияга учурагандардын арасында 50гө жакын ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, жүздөгөн жумушчулар, дыйкандар, чыгармачыл, педагогикалык, техникалык интеллигенция өкүлдөрү, эл чарбасынын адистери, партиялык, комсомолдук кызматкерлер болгон.

Репрессия курмандыктары тууралуу 1996-1997-жылдары гана атайын жыйнактар чыгып, биринчи жолу акталган сегиз минден ашык адамдын тизмеси жарыяланган.

2020-жылы февраль айында Кыргызстанда 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка учураган 20 миң жарандын тизмесин камтыган 10 томдук китеп чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG