Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:07

NYT: Трамп президент болгон жылы 750 доллар гана салык төлөгөн


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда «New York Times» басылмасы президент Дональд Трамптын салык декларациясы тууралуу чуулгандуу иликтөө жарыялады. Ага ылайык, Трамп 2016-жылы, жаңы президент болгондо 750 доллар гана федералдык киреше салыгын төлөгөн. Кийинки жылы деле ушунча суммадагы акча төккөн.

Басылманын колуна Трамптын соңку 20 жылдагы салык декларацияларындагы маалымат тийген жана анда Трамп 2001-2015-жылдары такыр федералдык киреше салыгын төлөбөгөнү жазылган.

Трамп 27-сентябрдагы басма сөз жыйынында бул маалыматты «фейк, жалган» деп атады жана салык декларациясы тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн дагы баш тартты. АКШнын президенти муну анын салык документтерин тиешелүү органдар текшерип жатканы менен негиздеди.

«Trump Organization» компаниясынын юристи Алан Гартен «гезиттеги фактылардын басымдуу бөлүгү чындыкка коошпойт, Трамп ондогон миллион салык төлөгөн» деп билдирди.

Соңку иликтөө президенттик шайлоого саналуу гана апта калганда жарыяланды жана Трамптын «ийгиликтүү ишкер-миллиардер» деген кадыр-баркына көлөкө түшүрдү.

Былтыр жазында демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасынын Киреше жана чыгаша комитетинин төрагасы Ричард Нил АКШнын Ички кирешелер кызматына кат жазып, президент Трамптын салык декларациясы тууралуу маалымат берүүнү талап кылган.

Трамп Конгресстин Өкүлдөр Палатасынын бюджет комитетине, Нью-Йорк штатынын прокуроруна жана Нью-Йорктун салык кызматына каршы сотко доо арыз менен кайрылган жана анда өзүнүн салык декларациясы тууралуу маалыматтын берилишине тыюу салууну өтүнгөн.

2016-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Трамп өзүнүн салык декларацияларын жарыялай турганын айткан. Бирок президент болуп шайлангандан кийин убадасын аткарган эмес. Кийинчерээк салык документтерин президенттиктен кеткенден кийин гана ачыкка чыгарарын билдирген.

XS
SM
MD
LG