Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Шайлоо 2020: Үч партия бийликти мыйзам бузууну токтотууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үч партия шайлоонун калыс жана таза өтүшүн камсыз кылууну талап кылып, президентке кайрылды.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң Казат» партиялары шайлооодо административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларды ташуу сыяктуу мыйзам бузууга каршы туруш үчүн күч-аракеттерин бириктиргенин жарыялашты.

Кайрылууда бийликчил партиялар добуштарды сатып алууну көздөп, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп, №2 форма аркылуу көз боёмочулукка барып жатканы айтылды. Буга далил катары №2 форма аркылуу шайлоо даректерин өзгөрткөндөрдүн саны 500 миң адамга чукулдаганы көрсөтүлгөн.

Бармак басты, көз кысты

«Реформа» партиясынын өкүлү Акжолтой Тукунов «буга көз жуумп жатат» деп бийликти сынга алды:

«Сооронбай Шарипович, сиз ушул бийликте өмүр бою калчудай болуп, ушундай мыйзам бузууну карап туруп, кантип чыдап отурасыз? Кыргызстан боюнча 500 миң адам №2 форма боюнча каттоого туруп, орун которуптур. Бул жагдай Бакиевдин маалындагы «карусел» ыкмасына кайра эле алып келбейби? «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары аркылуу сиздин кудаңыз жана өкүл балдарыңыз шайлоого кетип жатышат. Бул үч партия ачык эле добуш сатып алуу менен алектенип жатышат. Бул эмне деген уятсыздык? Биз бул фактылар тууралуу Интернетке чыккан тасмалар боюнча кат аркылуу шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарына кайрылсак, ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок».

Кайрылууда шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербөөгө байланыштуу алты талап коюлган. Алар - №2 форма боюнча жапырт түрдө каттоо жүргүзгөн фактыларды текшерүү боюнча комиссия түзүү, шайлоо даректерин өзгөртүү тууралуу маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу, шайлоо порталын автоматтык эсептөөчү урналар менен байланыштырган серверге техникалык аудит жүргүзүү, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүчүлөрдүн тизмесин, добуш берүү даректерин так көргөзүү, «айланкөчөк» («карусел») амалкөй ыкмасын колдонууга каршы туруу кепилдиги жана партиялардын каржы булактарын текшерүү сыяктуу талаптар.

Шайлоо: №2 форма добуш сатууга шарт түзөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Токтосун Барманов шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала эле аныкталып калгандай кооптонуу бар экенин кошумчалады:

«Бүгүнкү күндө кайсы партиялар №2 форма менен иштеп жатышат? Алар - «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партиялары. Мен билгенден, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Токтогул аймагынан миңдеген паспорттор Бишкекке алынып келген. Эми ошол паспорттордун ээлерин шайлоо күнү бул жакка ташыганды элестетип көрүңүзчү. Ташый алышабы? Ошол миңдеген киши ушул жакка келеби? Албетте, бул мүмкүн эмес. Паспортторун берип койгон адамдар барып, өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоо тилкесинен таппай калышат. Ошону бир катар шайлоочулар түшүнбөй жатышат. Жүз миңдеген адамдар өздөрүн тизмеден таппай калышат. Мына ошондо чыр чыгат. Анткени алар үчүн башкалар добуш берет деген шек бар».

«Факты керек...»

Ошондой эле 500 миңге чукул адам шайлоо дарегин жапырт өзгөрткөн учурларга БШК жана укук коргоо органдары чара көрбөгөнү көрсөтүлгөн. Бийлик партияларынын үгүт иштери добуш сатып алуу, шайлоо даректерин которуштуруу жана административдик ресурс колдонуу менен коштолгону белгиленген.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов оппозициялык партиялар анда эмнеге арыз беришпегенин сурап, ошондуктан кайрылуудагы айыптоону куру доомат катары кабыл алды:

«Жок, андай фактылар тууралуу арыздар түшкөн эмес. Эгерде ошондой фактылар болсо, анда эмнеге алар бизге далилдерди алып келип, арыз жазышкан эмес? Азыр эми №2 форма аркылуу шайлоочулардын идентификациясын туура эмес жүргүзгөн учурлар боюнча укук коргоо органдары текшерип жатышат. Башка, кандайдыр бир жапырт каттоого коюп, которуштуруу учурлары боюнча фактылар катталган эмес. Шайлоо күнү шайлоочулар идентификациядан өтүп, анан добуш беришет. Ошондуктан бул айтылган сөздөр жөн эле жомок. Анан шайлоо күнү шайлоочуларды ташуу үчүн жоопкерчилик мурдагы мыйзамда бар эле. Азыр деле ошондой учурлар болсо шайлоочуларды ташыган учурлар боюнча ыкчам чара көрүү топтору ага каршы иш алып барып, укук коргоо органдары менен чогуу иштешет».​

26-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоону калыс өткөзүүгө өзү умтуларын айтып, эки жолу күч менен бийлик алмашкан окуя бийликке сабак болушу керек экенин билдирген.

Сооронбай Жээнбеков шайлоодо мыйзамдуулуктуу сактоо жана дүрбөлөң салууга жол бербөө милдети турганын айтты:

«Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкө тынчтыгын сактоо жана ар кандай чагымдарга жол бербөө боюнча иш жүргүзүшү азыр көзөмөлдө турат. Шайлоону тынч өткөрүү - бул менин президенттик милдетим. Азыр эми ар кандай имиш кептер менен божомолдор коомчулукту ар кандай дүрбөлөңгө салышы мүмкүн. Ошондуктан так маалыматтарды өз учурунда берип туруш керек. Ар кимибиз мыйзамдуулукту сактасак эле, Кудай буюрса, шайлоо тынч өтөт».

Шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүш үчүн үч оппозициялык партия «Таза шайлоо» альянсын түзүп, биргелешкен күч-аракет менен шайлоо тилкелеринин бардыгын байкоочулар менен толук камсыз кылуу милдети турганын жарыялашты. Буга байланыштуу жогорудагы үч партия атайын тилектештик меморандумуна кол коюшкан.

Паспортуңуз партияларга эмне үчүн керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

XS
SM
MD
LG