Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус дагы эки медициналык кызматкерден аныкталды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 29-сентябрда билдиргендей, илдетке кабылган медкызматкерлер Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында катталды.
Бир күн аралыгында жети кызматкер ооруканадан чыкты, үй карантинде отурган тогуз медкызматкер айыкты.
Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жуккан медкызматкерлердин саны 3243 кишиге жетип, анын 2992си айыгып чыкты.
Расмий эсеп боюнча вирус 83 медицина кызматкеринин өмүрүн алды.
Саламаттык сактоо министрлиги 28-сентябрда ооруган медкызматкерлердин 144үнө 200 миң сомдон берилгенин, каза болгондорун арасынан 21 кишинин үй-бүлөсүнө миллион сомдон кенемте төлөнгөнүн билдирген. Башкалардын тийиштүү документтерин комиссия карап жатканын кабарлаган. (NT)