Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Навальный өзүн ууландыруунун артында Путин турат деп эсептейт


Алексей Навальный Германияда ооруканада.
Алексей Навальный Германияда ооруканада.

Орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный өзүн ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат деп эсептейт. Бул тууралуу Навальный «Der Spiegel» аттуу немис журналындагы маегинде билдирген.

«Бул кылмыштын артында Путин турган деп бышыктайм, болуп өткөн окуя боюнча менде андан башка версия жок», - деп билдирген оппозициячыл саясатчы.

Ал Орусияга кайтууга даярдык көрүп жатканын, бийликтин опузасынан улам артка чегинбей турганын кошумчалады.

Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.

Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.

Буга чейин Навальный ооруканада жатканда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолукканы жөнүндө «Der Spiegel» журналы жазып чыгып, кийин бул маалымат ырасталган болчу.

XS
SM
MD
LG