Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Суваналиев: Бир да аткаминерди сыртка чыгарбайбыз


Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

Өмүрбек Суваналиев "президент кайда экенин билбейбиз. Азыр коопсуздук боюнча легитимдүү бийлик бизбиз" деди.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон Өмүрбек Суваналиев ушул тапта өлкөдөгү күч түзүмдөрүнө кураторлук кылууда. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” ат жалында маеги учурунда айтты. Суваналиев чек араларды бекемдеп, банктык операцияларга көз салып, талоончулукка жол бербөө аракеттери көрүлүп жатканын "Азаттык" радиосуна айтты.

- Өмүрбек мырза, ушул тапта бийлик кимдин колунда?

- Бийлик азыр кимдин колунда экенин эч ким билбейт. Азыр коопсуздук боюнча легитимдүү бийлик бизбиз. Анткени мен Коопсуздук кеңешинин биринчи орун басарымын да. Ошондуктан Кыргызстан боюнча коопсуздукту мен көзөмөлгө алып, уюштуруп атам. Анан премьер-министр, вице-премьер-министр жана башкалар баары жок.

- Президентчи?

- Президент да жок болуп атат.

- Президент кайсы жерде, кандай абалда экени белгилүүбү?

- Жок, азыр кайда экенин билбейбиз.

- Ал эми сиздин түздөн-түз жетекчиңиз, Коопсуздук Кеңештин катчысычы?

Мен аны издеттирип атам. Азыр келип калышы керек.

- Учурда өлкөдө абал, коопсуздук маселеси кандай?

Азыр жаңы эле уюштуруп атабыз. Анткени толук деморализация болду да. Ошонун баарын уюштуруп атабыз.

- Күч түзүмдөрү буга чейин митингчилерге ок аткан учурлар катталды. Азыр ок атуу токтодубу?

Токтоду. Баары токтотулат. Министр орун басары, генерал-полковник Орозалиевди чакырып, көрсөтмө бердим. Ал Ички иштер министрлигинде көзөмөл кылып атат.

- Мындан ары митингчилерге ок атуу же башка зомбулук болбойбу?

- Жок, болбойт. Баары мыйзам чегинде болот.

- Ошол эле учурда талоончулук коркунучу да туулду...

- Ошонун алдын алуу иштерин жүргүзүп атабыз.

- Абактардан бир топ саясатчылар бошотулду. Андан тышкары да адам өлтүрүүгө же башка оор кылмыштар менен соттолгондор бошотулуп кетет деген коркунуч жокпу?

- Жок, бошотулбайт. Андай жок. Азыр Турганбаев өзү Жаза аткаруу кызматынын төрагасы. Ал да парламенттик шайлоого катышып аткан. Ал өз жумуш ордуна кетти.

- Ошондо азыр күч түзүмдөрү толук сизге баш ийип атабы?

- Бүт структуралар эле баш иет. Анткени Коопсуздук кеңеши функционалдык милдеттемеси боюнча мурда деле көзөмөлгө алчу. Ошонүчүн баарын чакырып, азыр Коопсуздук Кеңеши УКМКда отурабыз, ошол жерден көзөмөл кылып атабыз баарын.

- УКМК башчысы Опумбаев ошол жердеби?

- Жок.

- Кайсы бир аткаминерлер өлкөдөн сыртка чыгып кетти деген маалыматтар да бар, балким ушактыр?

- Мен чек ара кызматына команда бердим. Бир да аткаминерди сыртка чыгарбагыла дедим.

- Билесиз да, журналисттик иликтөөлөрдө Бажыдагы коррупцияга айыпталган адамдар бар. Элдик нааразылык негизинен ошонун эсебинен пайда болду эле. Ал адамдарды жоопкерчиликтен куткарып жибербөө үчүн кандай чараларды көрөсүздөр?

- Азыр бүт ошол чиновниктерди, мурдагы чиновниктерди, аты аталган кишилердин баарын чек ара кызматына айттык. Ошолор чыгып кетпесин деп көзөмөлгө алып атабыз.

- Эми өлкөдөгү жалпы кырдаалды кантип жөнгө салууну караштырып жатасыздар?

- Азыр кол койгон 12 партиянын лидерлери чогулуп сүйлөшөлү деп атабыз. Алардын баары өз жардамдарын берсин. Эң биринчи Бишкектеги жана жер-жерлердеги коопсуздук системасын жана коомдук тартипти көзөмөлгө алып, мародерство болбосун деп мыйзам чегинде структуралардын баары иштесин деп атабыз.

XS
SM
MD
LG