Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Стамалиева: Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү мөөнөтүн айткан эмес


Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаров сүйлөшүү учурунда. 14-октябрь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаров сүйлөшүү учурунда. 14-октябрь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков эч бир сүйлөшүүдө кызматтан кетчү мөөнөтүн айтпаганын анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди:

«Азыр соцтармактарда «президент Жээнбеков кызматтан үч күндүн ичинде кетүүгө убада берген» деген маалымат тарап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин айткан, бирок Садыр Жапаров менен тарапташтары кайсы үч күн жөнүндө айтып жатканы белгисиз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө да Жапаров «он күн өтүп кетти» деди».

Стамалиеванын маалыматына караганда президент менен премьер-министрдин сүйлөшүүлөрүнө депутаттар Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев катышкан, алар да президент кызматтан кетиши керек деген позицияда.

«Ушундан улам, президенттин бир да билдирүүсүндө же басма сөз кызматынын билдирүүлөрүндө кызматтан кетүүнүн мөөнөтү айтылган эмес. 9-октябрдагы билдирүүсүндө мамлекет башчы «биз өлкөнү эртерээк мыйзам жолуна алып келишибиз керек. Мен Кыргызстандын президенти кызматынан өлкө мыйзам жолуна түшкөндөн кийин кетүүгө даярмын» деп билдирген», - деп маалымдады Стамалиева.

Маалыматка караганда Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүлөрүнө президент тараптан аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, кеңешчиси Мурат Шайымкулов жана аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков катышкан.

Бүгүн, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаров сүйлөшкөн. Анда президенттин кызматтан кетиши тууралуу сөз болуп жатканы кабарланган.

Сүйлөшүүнүн аягында президенттин басма сөз кызматы президент жолугушууда кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда – парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президенттик шайлоо жарыялап коюп, анан кетерин айтканын билдирген.

Ал эми премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт Үйүнүн алдында митинг өткөрүп жаткан тарапкерлеринин алдына келип, сүйлөшүү аяктай элек экенин, эртең саат 11де кайра уланарын, президент Жээнбеков бийликтен кетерин билдирген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги массалык башаламандыкка айланып, митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Абактардагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да тарапкерлери бошотуп алышкан.

Ошондон бери өлкөдө саясий кризис чечилбей турат. 14-октябрда парламент өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаровдун өкмөт курамын, түзүмүн бекитип, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бирок Жапаровдун тарапкерлери Жээнбеков кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG