Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

АКШ «Аэрофлоттун» аткезчилик боюнча шектүү 113 кызматкеринин визасын чакыртып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нью-Йорк штатындагы Чыгыш округдун прокуратурасы уурдалган электрониканы АКШдан мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча шектүү 10 кишиге айып койду.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар уурдалган «Apple» түзмөктөрүн «Аэрофлот» компаниясынын кызматкерлери аркылуу АКШдан чыгарып кетип турушкан. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти авиакомпаниянын 113 жумушчусунун америкалык визасын чакыртып алды.

Сегиз шектүү камакка алынып, экөөнө издөө жарыяланды. Алар АКШдан Орусияга болжол менен 50 миллион долларлык электрониканы мыйзамсыз чыгарып кетүү схемасын уюштурушкан деп айтылууда. Түзмөктөрдү «Аэрофлоттун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин жүгү менен алып кетип турушкан.

Орусиялык авиакомпания бул боюнча комментарий бере элек. Орусиянын Нью-Йорктогу башкы консулдугу кылмыш иши тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын билдирди. ТАСС агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөн орусиялык дипломат бир күн мурун «Аэрофлоттун» Нью-Йорктон Москвага уча турган каттамы бир саатка кармалганын, ФБРдин кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн текшергенин айтты.

XS
SM
MD
LG