Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселесин карайт


4-октябрдагы добуш берүү пандемия шартында өттү. Бишкек шаары. 2020-жыл.
4-октябрдагы добуш берүү пандемия шартында өттү. Бишкек шаары. 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары бүгүн, 21-октябрда кезектеги отурумуна чогулат. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору караларын «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, отурум мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.

Жогорку Кеңеш жана президент отурган имаратты 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер талкалап салышкан.

Шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүү, күрөө акысын беш млн. сомдон бир миллион сомго түшүрүү маселеси 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып өткөн митингдерде айтылган. Кийинчерээк бул тууралуу 13-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз жыйынында «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов маселе көтөрүп чыккан. Аны бир топ депутаттар колдоого алышкан.

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Алардын ичинен төртөө: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон өтүшкөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги массалык башалмандыкка айланган соң, Кыргызстанда толугу менен бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти.

«Бийлик өкүлүн барымтага алган» деген айып менен камакта отурган Садыр Жапаров 6-октябрь күнү түрмөдөн чыгып, алгач премьер-министр, андан кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүлөрүн билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG