Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи


Боршайком кысымга карабай шайлоо жарыялады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

Боршайком кысымга карабай шайлоо жарыялады

БШК тинтүүгө кабылды

24-октябрда саат онго жакын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерге тинте баштаган. Алар Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды. Милиция парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн - 3-июлдан берки документтерди текшерүүдө.

Милиция кызматкерлеринин мындай аракетинен кийин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) калган мүчөлөрү 24-октябрдагы тинтүүнү "кысым көрсөтүү" катары баалашты.

«Бул бүгүн эле башталган нерсе эмес. Төрт күндөн бери Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоонун жыйынтыктары боюнча “шалаакалык” беренеси менен иш ачылганын айтып, мүчөлөрү көрсөтмө берип жатабыз. Азыр эми өткөн шайлоодогу башаламандык окуялар үчүн да БШКны күнөөлүү кылганы жатышат. БШК - конституциялык орган. Кол тийбестиги бар. Өзгөчө шайлоо учурунда мындай болбошу керек эле. Мындай аракетти кысым катары көрсө да болот», - деди БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев.

БШКнын "Телегамдагы" каналына тинтүү учурунан тартылган ушул сүрөт жарыяланды.
БШКнын "Телегамдагы" каналына тинтүү учурунан тартылган ушул сүрөт жарыяланды.

БШК ушул эле күнү тинтүүгө карабай жыйын өткөрүп, "президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтсүн" деген чечим чыгарды.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайылдабекова бул чечимин мындайча негиздеди.

«Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекет башчы отставкага кеткенде үч айдан кечиктирилбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү керек. Жээнбеков президенттиктен кетерин 15-октябрда жарыялады. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин парламент бир апта аралыгында кабыл алууга тийиш эле. Жогорку Кеңештин чечим кабыл алчу мөөнөт 22-октябрда аяктады. Парламент чечим кабыл албады. Мындай учурда 23-октябрда автоматтык түрдө дайындалган болуп калат. Андыктан, мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтүн аныктоо эми БШКнын моюнунда», - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Укук коргоочу Бурул Макенбаева БШКны тинтүү аракетин дал ушул президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштырды.

«Коркутуп-үркүтүү менен мамлекеттик органдарды кысымга алуу аябай коркунучтуу белги. Бүгүн БШК президенттик шайлоо күнүн жарыялады. Менимче, азыркы коркутуу президенттик шайлоонун датасын жарыялабаш үчүн жасалып жаткан кысым».

БШКга болгон басымдан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко баш прокурор Курманкул Зулушевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго чукул кайрылуу жолдоду.

Натлья Никитенко.
Натлья Никитенко.

«Шайлоо күнүн аныктоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына саясий кысым болуп жатат. Мындай аракет болбошу керек эле. Мыйзамдарга ылайык шайлоо учурунда БШК мүчөлөрү кол тийбестикке ээ», - деп жазылган Никитенконун кайрылуусунда.

Депутат Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күч органдары тарабынан басым көрсөтүүнү тезинен токтотууга чакырып, бардык маселени Конституциядан жана мыйзамдан аша чаппай чечүүгө үндөп жатат.

Тинтүү тууралуу маалыматтан кийин Ички иштер министрлиги БШК менен болгон окуя мыйзам нугунда жүргүзүлүп жатканын, шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө болгон эреже бузуулар катталып, иликтөө жүрүп жатканы тууралуу билдирүү таратты.

«Ички иштер министрлиги өз ишин мыйзамдын талаптарын катуу сактоо менен өз ыйгарымдарынын чегинде гана иш алып барып жаткандыгын билдирет. Тергөө амалдары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жобосуна ылайык жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бардык тиешелүү документтерин алууга уруксат берген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу», - деп жазылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Ошол эле маалда эл арасында Борбордук шайлоо комиссиясы башынан калыс болгондо ушундай кырдаал жаралмак эмес деген пикирлер да айтылып келет.

Алсак, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров аталган органды таркап кетүүгө чакыргандардын бири.

«БШК көз каранды эмес коллегиалдуу орган катары башынан эле чынчылдык принцибинин негизинде иш алып барса, азыркыдай кризистик абал жаралбайт болчу. Эми коомчулуктун талабы менен отставкага кеттик деп азыр эле таркап кете беришсе болмок».

Жокко чыккан чечим

Ал арада Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүүнү 20-декабрга дайындоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун Бишкектин Биринчи май райондук соту мыйзамсыз деп тапканы белгилүү болду.

24-октябрда сот ушундай чечим кабыл алганын БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдирди:

«Такташып жатабыз. Жогорку сотко кайрылышыбыз мүмкүн», - деди Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 21-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу сунуш бир добуштан кабыл алынган. Аталган орган өз чечимдерин мыйзамдуу деп санай турганын билдирген.

Ушундан кийин 21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган.

Омбудсмен Токон Мамытов жана бир канча коомдук уюмдар милициянын аракетин сындап чыгышкан.

Алар БШК - ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертишкен.

Мадумаров: Баш мыйзамга кол салууну токтоткула
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:30 0:00

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-октябрдагы чечиминен кийин 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмеси узарды.

23-октябрда алардын саны 25 болсо, 24-октябрда 37ге жеткени маалым болду.

  1. "Бүтүн Кыргызстан";
  2. "Билим илим ордосу";
  3. "Мекен ынтымагы";
  4. "Ата Мекен";
  5. "Ыйман нуру";
  6. Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы;
  7. "Эл биримдиги";
  8. "Улут ордо";
  9. "Элдик кеңеш";
  10. "Эл үнү";
  11. "Патриот";
  12. "Актив";
  13. Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы;
  14. "Адилеттүү Кыргызстан";
  15. "Социал-демократтар";
  16. "Өнүгүү Кыргызстан";
  17. "Ордо";
  18. "Республика";
  19. "Ак шумкар";
  20. "Реформа";
  21. "Улутман";
  22. "Нур" ЛДП;
  23. "Улуу журт";
  24. Бүткүл жаштар саясий партиясы;
  25. "Бирге-Вместе";
  26. "Бийлик элге";
  27. "Эл эрки";
  28. "Ак-Санат";
  29. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы;
  30. "Ынтымак";
  31. "Ак-Шам" Мекендин жана жаратмандык саясий партиясы Родина";
  32. "Бир Бол";
  33. "Кыргызстан";
  34. "Тартип-Порядок";
  35. "Эркин эл";
  36. "Жаңы мезгил".

Жогорудагы тизмеге "Мекенчил", "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары кирген эмес.

Шайлоого катышуу тууралуу билдирме берген “Ордо” партиясынан талапкер Айбек Турдалиев Боршайкомдун азыркы кадамы туура экенин айтууда.

«Шайлоонун тартиби боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрды шайлоо күнү деп белгиледи. Ага ылайык саясий партиялар ага катышуу ниети менен билдирме берди. Алардын катарында биз да барбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы өз алдынча орган болгондуктан Конституцияга ылайык жасап жаткан кадамдары туура. Демек, бул алардын өзүнө берилген укуктуу ченемдер деп түшүнсөк болот. Ал эми алар көрсөткөн шайлоо өтөрүн же өтпөсүн өкмөт чечиши керек».

Ал эми БШКнын курамынан өз арызы менен чыгып кеткен Атыр Абдрахматова аталган органдын кайра шайлоо жарыялаганын сынга алууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров шайлоо БШК белгилеген мөөнөттө өтсө, жарандык коомдун талабы аткарылбай калат деген пикирде:

«Шайлоону өткөрө турган эрежелердин баары Шайлоо кодексинде жазылган. Боршайком ушул мыйзамдын негизинде иш-аракеттерин токтото турушу керек. Эгер, менин мыйзамыма каршы болсоңор анда БШКнын чечимине ылайык, шайлоону 20-декабрда өткөргүлө. Бирок анда босого чектин 3% түшкөнү да туура эмес болуп жатпайбы. Анда 7% чек, форма №2нин талаптары ошол бойдон өзгөрүүсүз калат».

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык күчөп, аягы бийлик алмашуу менен бүткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG