Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Баткенде тажикстандыктар суу түтүктөрүн чыгарып кетишти


Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары. Үч-Дөбө айылы, Баткен облусу. 26-октябрь, 2020-жыл.
Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары. Үч-Дөбө айылы, Баткен облусу. 26-октябрь, 2020-жыл.

26-октябрь күнү тажикстандык жарандар Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө аймагына бир күн мурун койгон суу түтүктөрүн чыгарып кетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев журналисттерге билдирди:

«25-октябрдан бери эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Биз тажик тараптан кечээ орнотулган суу түтүктөрдү чыгарып, жолду калыбына келтирүүсүн талап кылдык. Бүгүн алар түтүктөрүн чыгарып, жолду калыбына келтиришти».

Алимбаевдин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында катталган чыр-чатактардын 80%, быйылкы жылы катталган 10 окуянын жетөө кыргыз-тажик чек арасында болгон.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой турганын айтышкан. Тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Тажикстандын расмий бийлиги маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG