Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Мекемеден кабарлашкандай, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болгондуктан, 9-10-ноябрь эс алуу күндөрү деп эсептелинет. Натыйжада II чейрек 11-ноябрда башталат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер 2020-жылдын мартынан баштап карантинге жабылып, окуу аралыктан өткөрүлүп келди.
2020-2021-окуу жылы да ушундай эле тартипте уланды. 1-сентябрдан тартып биринчи класстын гана окуучулары мектепке барышты.
Сентябрдын аягында 2-6-класстын окуучулары да мектепке барып окуй турганы кабарланган. Кийин министрлик билдирүү таратып, 1-6-класстардын баары аралыктан окууга кайтарын жарыялаган. Мекеме окууну кадимки тартипте улантуу маселеси өлкөдөгү саясий кырдаал турукташкандан кийин караларын маалымдашкан.
Айрым маалыматтарда 11-ноябрда окуучулардын баары мектепке барары айтылып жатат. Билим берүү жана илим министрлиги бул маалыматты ырастай элек. (ErN)