Армениянын президенти Армен Саркисян өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал 16-ноябрдын кечинде жасаган телекайрылуусунда «шайлоо алты жумалык жаңжалдан кийин Тоолуу Карабакка байланыштуу түзүлгөн абалдан куткарат» деп билдирди.
Ал Никол Пашиняндын өкмөтүн мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун «жол картасын» түзүп чыгууга үндөдү. Чектелүү укуктарга ээ болгон президент Саркисян соңку күндөрү бир нече саясий партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акциялар уланып жатат. 16-ноябрда миңдеген киши баш калаа Еревандын көчөлөрүнө чыгып, «Никол саткын!» деп кыйкырып турушту.
Алар Пашиняндын Тоолуу Карабактагы алты аптага созулган аскердик кагылышууну токтотуу боюнча келишимге кол койгонуна нааразы болуп жатышат.
10-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишимине ылайык эми Тоолуу Карабактын үч району кайрадан Азербайжанга өтмөкчү. Соңку согуш аракеттеринен улам эки тараптан тең 5 миңден ашуун жоокер жана карапайым тургун өмүрүнөн ажырады.