Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Акун: Баш мыйзамдагы адам укуктары боюнча беренелер өзгөрүп кеткен


Турсунбек Акун, мурдагы акыйкатчы.
Турсунбек Акун, мурдагы акыйкатчы.

Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Баш мыйзамдын адам укуктары боюнча беренелерин мурунку редакциясында өзгөртүүсүз калтырууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өзгөртүү киргизилип жаткан Конституцияда адам укуктары боюнча беренелер өзгөрүп кеткен.

«Өзгөртүү киргизилип жаткан Конституцияны мурдагы президент Роза Отунбаева, Баш мыйзамды жазып жүргөн Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылар катуу сындап жатышат. Мен да айтар элем, Баш мыйзамдагы адам укуктарына арналган беренелерди өзгөртүүгө негиз жок. Бул беренелерди өзгөртүүгө эч кандай зарылчылык жок», - деди ал.

Турсунбек Акундун сунушуна кеңешменин жыйынын алып барып жаткан саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев жооп берип, Баш мыйзамга «президенттик башкаруу системасы тууралуу» өзгөртүү киргизилип жаткандыктан, беренелерде өзгөрүү болуп жаткандыгын жүйө келтирди.

Укук коргоочу Турсунбек Акун бул маселени кеңешменин 21-ноябрдагы секциялык жыйынында да көтөргөн. Конституциялык кеңешмедеги адам укуктары боюнча маселени караган топтун мүчөлөрү аны колдоп, бул бөлүм Баш мыйзамдын негизин түзөрүн, ал жакшы талкуудан өтүшү керек экенин билдиришкен. Алар жаңы долбоордо адам укуктары боюнча мыйзамдар менен жөнгө салынчу маселелер деле Конституцияга жазылып, чаржайыт болуп калганын эскертишкен.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин билдиришти.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG