Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Ошто жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 27-ноябрда саат 6:27де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллды түзгөн.

Ноокат районунун Жайылма айылында, Алай районунун Ачык-Суу жана Кашка-Суу айылдарында жер титирөөнүн күчү үч баллдын айланасында болгон.

Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (ZKo)

 

XS
SM
MD
LG