Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Түндүк Корея COVID-19 илдетине байланыштуу Пхеньянды жаап салганын тыңчылар билдирди


Өлкөдөгү жападан жалгыз саясий партия - Корея Эмгек партиясынын 75 жылдыгына арналган мааракелик жыйын тууралуу үгүт сүрөтү. Ким Ир Сен аянты. Пхеньян. 2020-жылдын 10-октябры.
Өлкөдөгү жападан жалгыз саясий партия - Корея Эмгек партиясынын 75 жылдыгына арналган мааракелик жыйын тууралуу үгүт сүрөтү. Ким Ир Сен аянты. Пхеньян. 2020-жылдын 10-октябры.

Коңшу Түштүк Кореянын тыңчылык мекемесинин маалымдашынча, Түндүк Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын коронавирус алааматынын алдын алуу далалатынын алкагында борбор шаар Пхеньянды сырткары аймактардан жаап салуу сыяктуу аргасыз чараларга барууда.

Ким Чен Ын – өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин төрагасы, бийликтеги жападан жалгыз партия болгон Корея Элдик партиясынын төрагасы, “парламенттик башкарууда” деп саналган өлкөнүн иш жүзүндөгү диктатору. Анын бийлиги азыркыга чейин бул мамлекетте “коронавирус илдети кеңири жайылган жок” деп санап келет.

Бирок Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы (УЧК) 27-ноябрдагы жабык эшик артында өткөн маалымат жыйынында кабардалгандай, Түндүк Кореянын коммунисттик режими коронавирус алааматынын алдын алуу далалатынын алкагында жакында эки төбөлдү өлүм жазасына буюрду, борбор шаар Пхеньянды жана түндүктөгү Чанган вилайетин өлкөнүн башка аймактарынан жаап салды жана деңизде балык уулоого тыюу салды.

Ушул айдын башында сырткарыдан уруксатсыз товарлар ташылып келген деген шекке кабылган өлкөнүн айрым башка аймактары да обочо режимде калтырылганын түштүк кореялык депутат Ха Тэ Кеунг Сеулдун чалгын кызматына (УЧК) шилтеме кылып маалымдады. (TT)

XS
SM
MD
LG