Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Депутаттар референдум өткөрүүгө добуш берген жок (түз эфир)


Себеби добуш берүүгө келгенде залда тиешелүү сандагы депутаттар болгон жок. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүгө кеминде 61 депутат катышууга тийиш. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, парламенттин жыйындар залында кыркка жетпеген депутат отурду.

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин 3-декабрдагы сессиясынын күн тартибине биринчи окууда киргизилген.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору 3-декабрда парламентте талкууланып жатканда президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов «жеке пикирин таңуулап жатат» деп айрым депутаттардын сынына кабылды.

Кээ бир депутаттар талкуу учурунда бул долбоор жалпы жыйынга регламентти бузуу менен чыгарылганын айтышкан. Калматов «кантип өткөнүн билбейм, мыйзамдын бул жакка чыкканы туура» деп билдирди.

Депутаттардын референдум кандай натыйжага алып келиши ыктымалдыгы тууралуу талкуусун Калматов «майда-баратына кирип жатасыңар» деп сындап: «Биринчи өткөрүп албайлыбы. Колдоп койсоңор жакшы эле болот. Мен бул жерде Садыр Жапаровду мактайын деген жерим жок, кайсы президент же башка киши келип «элдин өзүнө береличи» деди эле?» деп айтты.

Ошондой эле Калматов эгер бул мыйзамга каршы добуш берилсе, анда жарандардын укуктары чектелерин билдирди.

Президенттик милдетти Садыр Жапаров 14-ноябрда парламент төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берген. Калматов мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү болуп Мамытовдун жарлыгы менен 27-ноябрда дайындалган.

Депутат Дастан Бекешев Калматовго кайрылып: «Үгүт жүргүзбөңүз деп суранат элем. Депутаттар макул же каршы ойлорун айта беришсин. Сиздин милдет – президенттин пикирин жеткирүү», - деди.

Калматов оюн юрист катары гана билдиргенин айтып, депутаттардан кечирим сурады.

Депутат Жанарбек Акаев: «Президенттин өкүлү парламентте мамлекет башчынын эмес, юрист катары өзүнүн пикирин таңуулай алабы?» деген суроо коюп, эгер ал юрист катары оюн айтса, анда экинчи окууга башка да юристтерди чакырууну сунуш кылды. Ошону менен катар ал президенттин мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди эске салып: «Бизге келип аябай акыл үйрөтчү. Ал азыр түрмөдө отурат», - деди.

Вице-спикер Мирлан Бакиров: «Анарбек Баратович бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен келип отурат. Юрист катары өзүнүн оюн айтты. Мен мурдагы коллега катары сөзүн бөлгөн жокмун. Экинчиден, туура, бул жерде регламент жана процедура бар, ошону эске алуу керек. Үчүнчүдөн, кайсы мыйзам болбосун, ал президентке кол коюуга барат. Убакытты текке кетирбеш үчүн президенттин өкүлү да өз пикирин убагында айтып коюуга укугу бар», - деп билдирди.

Кыргызстанда парламенттик же президенттик башкарууну аныктоого референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору - Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

"Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын билдирген.

Депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбаганы боюнча дооматтарга «комитеттин корутундусу чыккандыктан, жалпы жыйынга сунуш кылынган» деп жооп берген.

«Комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү».

Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда мындай тажрыйба бар экенин айтты. Мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык экенин, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага өзү автор катары алып чыкканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам долбоору регламентти бузуу менен жалпы сессиянын кароосуна чыгарылганын билдирип жатышат.

Мекеменин маалыматы боюнча сөз болуп жаткан референдум атайын иштелип чыккан мыйзамдын негизинде дайындалат.

Башкаруу формасын аныктаган референдум талашы

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун талдап жатат.

Эгер чечим кабыл алынса, 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган президенттик шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет.

Эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт, кошумча каражат экинчи бюллетенди басып чыгарууга гана талап кылынат. Бирок каражаттын так суммасы айтыла элек.

10-ноябрга белгиленген, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынары айтылган.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов референдум менен президенттик шайлоо бир күндө өткөрүлүп калса анын кошумча чыгымы тууралуу буларды айтты:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Кошумча каражат бюллетень даярдаганга талап кылынат. Биз ар бир шайлоо бекетин эки автоматтык эсептегич урна менен камсыз кылышыбыз керек болот. Референдумдун катышуучулары бюллетенди ошол экинчи урнага салышы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса экинчи бюллетень болот, аны саноонун жол-жобосун комиссиянын мүчөлөрүнө үйрөтөбүз. Андан башка чыгым болбойт».

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев иштеп чыккан. Учурда аны Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылууда.

Парламенттин тийиштүү комитети аны БШКнын кароосуна жөнөткөн. Акылбек Жапаров сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун мындайча чечмеледи:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Бул мыйзам долбоорунун бир эле автору бар болчу. Ал Курманкул Зулушев. Мен анын идеясын ошондо эле колдогом. Бүгүнкү күндө Зулушев депутат эмес. Ал башкы прокурор болуп иштеп жатат. Ал эми мен Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгондон кийин мен бул мыйзамды парламентке киргизип, шайлоого кеткен чыгымды үнөмдөө максатында ушундай кадамга барууну туура көрдүм. Эгер депутаттар колдоп берсе, ушул суроону элге берип, элден тактап алалы дедим. Биринчи окуудан кабыл алып, депуттардан концепциясын жактыра турган болсо, экинчи, үчүнчү окууну чогуу кабыл алганга Жогорку Кеңештин регламенти жол берет».

Анткен менен бул долбоорду кабыл алуу талашка себеп болууда. Депутаттар арасында мыйзам долбоорун кабыл алуу мөөнөтү өтө чукул болуп, регламентке шайкеш келбейт, мыйзам бузулат дегендер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков маселени мындайча негиздеди.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Жогорку Кеңешке референдум тууралуу маселени алып чыкканыбыз мыйзамга да, акылга да сыйбайт. Күчкө салып өткөрөбүз деген да болбойт. Убакыт жетпейт. БШК макулдук берип, өкмөт аны колдосо Жогорку Кеңеш аны үч окуудан кабыл алышы керек. Аны кайсы учурда карайбыз? 10-декабрга чейин болушу керек. Референдум жарыяланган кийин дагы бир ай мөөнөт керек. Бир күндө үч окуудан карап, алты фракциясынын макулдугун жана комитеттердин корутундусун алып туруп, күчкө салып карап койсо болот. 83 депутаттын колун байлап, үйүнөн алып келип кол койдуруп койсо болот. Бирок мунун тарыхта жана мыйзамда орду болбойт. Бул башаламандыкка алып келет».

Бирок демилгени колдогондордун бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов:

«Коомчулукта эки ача пикир болуп жатпайбы. Бири «парламентаризмден кетпешибиз керек» десе, бири «президенттик башкаруу болушу керек» деп жатат. Конституциянын бирден-бир эң ыйык беренеси – бул эл. Ошондуктан эл өзү чечип алышы керек. Жалпы элдин чечиминен кийин гана эл мамлекеттик башкаруу системасынын кайсынысын тандаса, ошого өтүшүбүз керек. Бул тарыхый кырдаалдын орчундуу маселеси болуп турат», - деди.

Президенттикке талапкерлигин коюш үчүн убактылуу кызматын тапшырган Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү 23-ноябрда «Жетинчи каналдагы» маегинде сунуш кылган:

«Курманкул Зулушев «Парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкарууну каалайсыңбы?» деген суроону референдумга чыгарууну сунуш кылган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем»

Конституциялык реформа жүргүзүү, ага байланыштуу референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жаткан тарап эгер алардын варианты кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын айтышууда. Демилгени колдобогондор «бул кадам өлкөдө президенттин бийлиги дээрлик чектелбей калган авторитардык башкаруунун өзгөчө түрүн орнотууга багытталган» деген кооптонуусун билдирүүдө. Саясатчы Ишенбай Кадырбеков мындай деди:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү өздөрү президенттик же парламенттик башкаруу системасынын айырмасын билеби же билбейби, мен ошого арсармын. Керек болсо муну билимдүү юристтер билбей жатат. Анан өздөрү билбей туруп, «Кандай башкаруу системасы керек?» деп элге суроо берген туура эмес. Бул Конституцияны одоно бузуу болуп эсептелет. Анткени Баш мыйзамдын 144-беренесинде «Конституцияны өзгөртсө болот» деп так жазылып турат. Жаңысын жазууга уруксат берилген эмес. Мына ушул иштеп жаткан Баш мыйзамга баш ийбей жаткандарга түшүнбөй турам. Кийинки бийлик келип деле Конституцияга баш бербей каалаганын жасай берсе болобу? Бизде бийлик башындагылар күнөөлүү эмес, Конституция күнөөлүү болуп чыга келет».

Айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти узурпация кылууда» деп сындап жатышат. Бирок ошол эле кезде Садыр Жапаровдун бийлигин колдогондор көп, ал президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору деп санаган саясатчылар четтен чыгат. Саясат талдоочу Марс Сариев Садыр Жапаров «мына ушундан пайдаланып, бийлигин бекемдөөнүн аракетин көрүүдө» деген оюн айтты:

«Аймактарда Садыр Жапаровдун рейтинги өтө бийик. Ошондуктан ага президенттик шайлоого тушташ эле референдум өткөрүү ыңгайлуу. Анткени ал шайлоодон утат. Ага добуш берген шайлоочулар деле президенттик башкарууга макул болуп добуш беришет. Эгер Жапаров президент болуп шайланса, референдумдун жыйынтыгы менен ал автоматтык түрдө президенттик башкаруу системасын колго алат. Ал «падыша», «хан» болуп калат. Ал легитимдүү президент болуп шайлангандыктан башка мамлекеттер да тааный баштайт. Оппозиция эч нерсе кыла албай калат. Андан кийин башка максаттарын шашпай ишке ашырса болот. Ал эми азыр эле Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыкса чатак болуп кетет деп чочулап турат».

Бирок акыркы үч аптадан бери Бишкекте жарандык активисттер «Баш мыйзам үчүн» деп аталган жүрүш өткөрүп жатат. Алар «Конституцияга тийбе» деп жазылган баракчаларды көтөрүп, нааразылык маанайын билдирип жүрүшөт. Уюштуруучулар жаңы бийлик башчыларынан Баш мыйзамды сактоону, парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүүнү талап кылууда. Жарандык активист Улан Үсөйүн - азыркы мыйзамдарды кабыл алып жаткан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын легитимдүүлүгүн эске салгандардын бири.

«Азыркы Конституциялык кеңешменин өзү туура эмес, - деди ал. - Президенттин милдетин аткаруучу Конституциялык кеңешмени чогулта албайт. Парламент легитимсиз. Бирок алар күчкө салып жатат. Биз аларды тааныбайбыз».

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги өз бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып бере турганын айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG