Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Түркияда кыргызстандык мигрант келин коронавирустан көз жумду


Түркиядагы полиция. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркиядагы полиция. Иллюстрациялык сүрөт.

7-декабрда Түркиянын баш калаасы Анкаранын мамлекеттик ооруканасында мигрант келин коронавирус илдетинен каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги "Азаттыкка" ырастады. Элчилик мигрант келиндин сөөгү 9-декабрда Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу быйыл 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 9-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 15 531 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар жарым миллиондон ашып, алардын 448 миңге жакыны айыгып чыкты.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлдү. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 5:00ке чейин атайын уруксаты жок тургундар үйлөрүнөн чыкпоого тийиш. (ElB)

XS
SM
MD
LG