Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

15-декабрда президенттик шайлоого үгүт иштери башталды


Добуш берүү жараяны.
Добуш берүү жараяны.

Бүгүн, 15-декабрда Кыргызстанда президенттик шайлоого үгүт иштери башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акылбек Сариевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, талапкерлер жалпы өлкө боюнча үгүт иштерин баштоого укуктуу. Анын айтымында, талапкерлердин үгүт иштери алардын шайлоо фондундагы акча менен каржыланууга тийиш.

10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Акылбек Сариевдин сөзүнө караганда референдумга үгүттөө дайындалган күндөн тартып башталат.

Мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум тууралуу мыйзам долбооруна президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 11-декабрда кол койгон. Конституция боюнча бул мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Үгүт жүргүзүүгө мамлекеттик органдарга укук берилген. Башка уюмдар да катышса болот. БШК өзүнүн милдеттерин аткарат. Референдум боюнча түптөлгөн топтор фондун түзүп, андагы каражаттын эсебинен үгүт иштерин алып бара алышат», - деди Сариев.

Үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда президенттик шайлоого 18 талапкер катталган.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган.

Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG