Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Транспорт министрлигинин кызматкерлери айлык талап кылып чогулушту


Кыргызстандагы жолдор, Ош шаары.
Кыргызстандагы жолдор, Ош шаары.

23-декабрда Транспорт жана жолдор министрлигинин бир нече кызматкери мекеменин имаратында айлык талап кылып чогулушту.

Алар бир нече айдан бери кечиккен айлыгын талап кылышты. Мекеменин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов «Азаттык» радиосуна жол башкармалыктарында иштеген 30дай кишинин айлыгы бюджеттен акча түшпөй жаткандыктан, 2-3 айдан бери кечигип жатканын маалымдады.

«Чогулгандар ноябрь, декабрь айынан бери кечиккен айлыгын талап кылышты. Бюджеттен акча которулбай, кечигип калган эле. Бүгүн сүйлөшүүлөр болуп, алардын айлыгы которулду», - деди Досумбетов.

Жол кызматкерлери август айынан бери айлык ала албай жүрүшкөнүн белгилеген расмий катты министрликке алып келишкен. (BCh)

XS
SM
MD
LG