Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Factcheck.kg президенттикке талапкер болгондордун билдирүүлөрүн текшерет


Фейк, жалган маалымат жана манипуляция менен күрөшкөн Factcheck.kg сайты президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин Коомдук телерадиоканалдагы (КТРК) дебатта айткан билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн текшере баштайт.

Порталдын адистери талапкерлердин сөздөрүнө ыкчам реакция кылып, алардын айткандарын фактылардын, расмий булактардын негизинде текшеришет. Жыйынтыгы сайтка, социалдык тармактарга такай жарыяланып, саясатчынын кайсы сөзү чындыкка дал келбейт, кайсы сөзү туура экенин белгилеп турушат.

Буга чейин аталган сайт парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин билдирүүлөрүн текшерип, алар боюнча «чындык», «жалган» же «манипуляция» деген бүтүмдөрдү чыгарып турган.

Ошондой эле Кыргызстанда politmer.kg сайты саясатчылардын убадаларына мониторинг жасап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG