Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Башкы прокуратура: Москва районунда үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилген


Жалал-Абад шаарындагы бала бакчанын ачылышынан. 31-август, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Жалал-Абад шаарындагы бала бакчанын ачылышынан. 31-август, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва райондук прокуратурасы Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жайгашкан үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин аныктаган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, 1995-1997-жылдары Москва райондук акимчилигинин, Александровка айыл өкмөтүнүн жана «Дружба» айыл чарба өндүрүш кооперативинин кызматкерлери мамлекет башчысынын 1995-жылдын 16-февралындагы №37 жарлыгынын талаптарын бузуу менен, үч бала бакчаны менчикке чыгарышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бул факты райондук прокуратуранын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө үчүн Москва райондук милициясына тапшырылды.

Мындан тышкары аталган бала бакчаларды мамлекетке кайтарыш үчүн Чүй облусунун административдик сотуна жана Москва райондук сотуна Москва райондук акимчилигинин жана Александровка айыл өкмөтүнүн буйруктарын жана бала бакчаларды сатуу, сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө алты доо арыз берилген.

Прокуратура тарабынан акыркы алты жылдан бери мамлекеттик менчикке 100дөн ашуун бала бакча кайтарылып берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG