Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Дүйнө жаңы жылды пандемиядан кооптонуу кырдаалында тосту


Австралиядагы жаңы жылдык салют. Сидней. 2021-жылдын 1-январы.
Австралиядагы жаңы жылдык салют. Сидней. 2021-жылдын 1-январы.

Жалпы дүйнө жүзү 2021-жылды коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр кырдаалында тосуп алды. Австралиядан баштап Жакынкы Чыгыш, Европа, Африка жана кош Америкада майрамды белгилөө пандемиядан этияттануу чараларынын шартында өттү.

Дээрлик бардык өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү жарандарына үйлөрүндө калып, чектелүү сандагы топтор менен Жаңы жылды белгилөө зарыл экенин эскертип жатты. Бул майрамдардан соң вирус жукандар кайрадан кескин көбөйүшү мүмкүн деген чочулоо бар.

Австралияда Сидней шаарынын Опера театрындагы атактуу фейерверкти көрүүгө адаттагыдай көп киши чогулган жок. Буга чейин бийлик жарандарга көчөгө чыкпай, салютту үйдөн отуруп көрүүгө чакырган.

Ал эми Жаңы жыл дүйнөнүн башка аймактарына караганда биринчи келген Жаңы Зеландияда майрамды белгилөөдө анча көп деле чектөөлөр болгон жок, анткени бул өлкөнүн бийлиги жана жарандык коому иштиктүү аракеттер менен алааматтуу оорунун таркалышына бөгөт коё алган.

Жаңы жылдык салюттар Москвадагы Кызыл аянтта, Афинадагы Акрополдо атылганы менен көчөлөргө жылдагыдай көп киши топурап чыккан жок.

Кызыл аянт, Москва. 2020-жылдын 31-декабры.
Кызыл аянт, Москва. 2020-жылдын 31-декабры.

Ал эми Батыш Европада болсо коронавирустун айынан коменданттык саат баштаган чектөөлөрдүн ар кыл түрлөрү киргизилген.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, азыркы маалга карата дүйнөдө коронавирусту 83 миллион 400 миңдей киши жугузса, анын кесепетинен 1 миллион 819 миң киши каза болду.

XS
SM
MD
LG