Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Чек ара бекеттериндеги «Бирдиктүү пост» системасы ишке кирди


Артем Новиков чек ара өткөрмө бекеттерин кыдыруу учурунда.
Артем Новиков чек ара өткөрмө бекеттерин кыдыруу учурунда.

Мамлекеттик салык кызматынын 5-январдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанга ЕАЭБ аймагынан алып кирилүүчү товарларды каттаган «Бирдиктүү пост» автоматтык системасы 1-январдан тартып ишке кирди. Азырынча система кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде иштеп жатат.

«Бирдиктүү пост» - салык төлөмдөрүн фискалдаштыруучу «СМАРТ салым» долбоорунун бир бөлүгү. Система ЕАЭБге кирген мамлекеттердин товар алмашуусун тескеп, аткезчиликке жол бербөө максатында түзүлгөн. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, бул автоматташтырылган система интеграциялык уюм ичинде товарларды жана автоунааларды каттоо жараянын тездетет жана уюмдагы бардык мамлекеттердин маалымат алмашуусуна шарт түзөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ноябрь айында өлкөдөгү көзөмөл-өткөрүү пункттарын кыдырган. Андагы «Бирдиктүү пост» системасынын пилоттук долбоору иштебей турганын катуу сындап, жооптуу кызматкерлердин кыйласын кызматтан алган. Айрымдары кызматынан төмөндөтүлгөн.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобил, суу транспорту жана салмак, тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулган.

«Эркечтам» көзөмөлдөө пунктунун жетекчиси кызматтан төмөндөтүлүп, башка кызматка которулган.

Жалпысынан Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» транспорттук көзөмөл пункттарынын 22 кызматкери, «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамынын кызматкерлерине карай кызматтык милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу Беткендеги «Кайрагач» өткөрүү пунктунун жетекчиси кызматынан төмөндөтүлүп, инспектор кызматына которулган.

Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн уюштурууну жетектеген «Ош» бажы процесстери борборунун, «Достук» өткөрүү пунктунун жетекчилери кызматынан төмөндөтүлүп, башка орундарга которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG