Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Өкмөт: Октябрь окуясында жаракат алгандарга жардам берилүүдө


4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолгон. Ала-Тоо аянты. Бишкек. 5-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолгон. Ала-Тоо аянты. Бишкек. 5-октябрь, 2020-жыл.

5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда жаракат алган жарандардын баары өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат маалымдады.

Ага ылайык, октябрь окуясында көзүнөн ажыраган сегиз кишиге Түркиядан көз протези буйрутма кылынган. Бир адамдын көзүнө түркиялык дарыгерлердин жардамы менен татаал операция жасалат.

Мындан тышкары октябрь окуясында түрдүү жаракат алган 22 адам учурда дарыланып жатат.

Өткөн жылдын аягында бир адамдын көзүнүн протезин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жеке бюджетинен төлөп берген.
Анын тапшырмасы менен октябрь окуясында жабыркагандардын арыз-дооматтарын кароочу атайын комиссия түзүлгөн, комиссияны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башталган нааразылык акциясы 5-6-октябрь күндөрү массалык тополоң менен коштолгон. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан.

Тополоңдо бир адам мерт болуп, 50дөн ашуун киши түрдүү жаракат алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG