Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Коронавирустан дагы эки киши каза болуп, 147 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-январга карата маалыматы боюнча, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Бишкек шаарында бирөө, дагы бири Талас облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 367 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 147 адамдан табылды.

Бишкек шаары – 70;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 38;
Ош облусу – 5;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 21;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 5.

Оору жуккандардын жалпы саны 82 138 кишиге жетти.

Бир күндө 204 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 77 751 адам болду. Ушул күндөрү ооруканада 863 бейтап жатат. Дагы 1 232 киши үйдөн дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жүрүшөт.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Августта өлүм учурлары катталбай калган. Сентябрдан тартып каза болгондор кайра катталууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG