Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Көпчүлүк талапкерлер Бишкекте жана Чүйдө добуш беришүүдө


Президенттик шайлоого добуш берүү бюллетени. 10-январь, 2021-жыл.
Президенттик шайлоого добуш берүү бюллетени. 10-январь, 2021-жыл.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы №7194 шайлоо участогунда добуш берди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум шашылыш өткөрүлүп жатканын сынга алды. Анын сөзүнө караганда, элден башкаруу формасын тандоону талап кылуудан мурун президенттик жана парламенттик башкаруу формасынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берүү зарыл эле.

Президенттикке дагы бир талапкер Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №1332 шайлоо участогунда добуш берди. Ал добуш берүүгө жубайы жана кызы менен келди.

Дагы бир талапкер Аймен Касенов Бишкектеги №6 орто мектепте жайгашкан шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал өзүнүн жеңишине ишенерин айтып, мамлекет башчы болгондон кийин президенттин чыгашаларын азайтуу тууралуу сөзүнө турарын журналисттерге билдирди.

Талапкер Равшан Жээнбеков Бишкектеги Олимпиадалык резерв мектебинде орун алган №1343 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал учурдагы президенттик шайлоо мурункуларына караганда таза өтүп жатканын белгилеп, экинчи айлампа болоруна, өзү экинчи айлампага өтөрүнө ишеничин айтты. Жээнбековдун сөзү боюнча бул жолу шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, жергиликтүү бийликтин басымы сыяктуу мыйзамсыздык байкалган жок.

Мурдараак талапкерлер Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев добуш беришкени тууралуу маалымдалган.

Кыргызстандын мамлекет башчылыгына 17 талапкер ат салышууда.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG