Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

Токтогул суу сактагычында 11,6 млрд. куб метр суу бар


Иллюстрациялык сүрөт. («Азаттыктын» коллажы).
Иллюстрациялык сүрөт. («Азаттыктын» коллажы).

Кыргызстандын башкы суу чөйчөгүндө 12-январга карата 11 млрд. 650 млн. куб метр суу бар. «Электр станциялары» акционердик коомунун маалыматына караганда, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 130 куб метрди, ал эми агып чыккан суунун көлөмү секундуна 749 куб метрди түзүүдө.

Туура бир жыл мурун суу сактагычта 14,9 млрд. куб метр суу болгон.

«Улуттук электр станциялары» мамлекеттик ишканасы жыл сайын электр энергиясын пайдалануу күчөп жатканын эскертип, январь айында бир суткадагы электр энергиясына талап 75 млн. кВт/саатка жетип жатканын, бул максималдуу керектөө болуп жатканын билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына ылайык, декабрь айында кыргызстандыктар 2 млрд. 86 млн. 203 миң кВт/саат электр энергиясын колдонушкан. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 220 млн. кВт/саатка көп.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы 2020-жылы декабрь айында Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдалануунун лимити 1 млрд. 886 млн. кВт/саат деп коюлганын кабарлаган.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрда парламентте Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG