Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Премьер-министрликти тапшыруу жөнүндө талап


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенге чейин премьер-министрдин ыйгарым укуктарын тапшырышына байланыштуу талаш келип чыкты.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдын талабы боюнча Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенге чейин премьер-министрлик ыйгарым укуктарын тапшырып бериши керек экенин жарыялады. Текебаев эгерде Садыр Жапаров өкмөт башчылыкты өткөрүп бербей туруп президенттикке ант берсе, анда Баш мыйзам бузула турганын эскертти. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялап, инаугурация өткөндөн кийин гана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын тапшыра турганын белгиледи.

Шайланган президентке өкмөт башчылыкты тапшыруу жөнүндө коюлган талап

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев учурда иштеп жаткан Конституциянын талабына ылайык, жаңыдан шайланган президент башка жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турбашы керек экенин белгиледи.

Ошондуктан, анын айтымында, БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, Садыр Жапаров президенттик кызматка киришүү аземи өткөнгө чейин премьер-министрлик кызматты өткөрүп берүүгө тийиш.

Өмүрбек Текебаев бул Конституциянын талабы экенин, эгерде ал аны аткарбаса, анда анын президенттик кызматка киришүүсү Баш мыйзамды бузуу менен башталып кала турганын эскертти:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ошондуктан Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенге чейин премьер-министрлик кызматын тапшырышы керек. Азыр кээ бирөөлөр ал инаугурация болуп, президент болгон соң анан премьер-министрлик кызматын тапшыра турганын айтып жатышат. Бирок бул жерде айтып коё турган учур - бир күң болобу же бир саат болобу, Конституция бузулуп калып жатпайбы. Жаңыдан шайланган президент эл алдында, салтанаттуу түрдө Конституцияга колун коюп, аны коргогонго, анын ар бир ченемин сактаганга милдеттенме алып, ант берип жатпайбы. Анан ошентип ант берип жатып, Конституцияны бузуп жатканын билип турса, бул президентти ыңгайсыз абалга коёт. Ошондуктан жаңыдан шайланган президент инаугурацияга чейин премьер-министрлик кызматын тапшырганын расмий түрдө жарыялашы зарыл. Андан соң парламенттеги башкаруучу коалиция жаңы өкмөт башчысын тандап, өкмөттүн жаңы курамын жарыялайт».

Өкмөттүн жообу: шашылганга негиз жок

Анткен менен өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев БШК Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодон жеңгенин расмий жарыялап, ал мамлекет башчы катары Баш мыйзамга колун коюп, ант берип, президенттик кызматка киришкенден кийин гана өкмөт башчылыкты расмий тапшыра турганын билдирди.

Бактыбек Рысалиев ага чейин Садыр Жапаров премьер-министр болуп кала берерин, бирок анын милдеттерин вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып турарын билдирди:

«Азырынча Садыр Жапаров премьер-министр болуп эсептелет. Анткени ал премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтото элек. Бирок ал өкмөт башчылыкка кайтып келбейт. Премьер-министрдин милдетин вице-премьер-министр Артем Новиков аткара берет. БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялап, анан жаңыдан шайланган президенттин кызматка киришүү аземи болот. Мына ошондон кийин гана Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын өткөрүп берет. Ошентип Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдеттерин өткөрүп берген соң, ошондо министрлердин бардыгы милдетин аткаруучу болуп калат. Ал эми жаңы премьер-министрди тандоо жана өкмөттү куроо маселеси президенттин инаугурациясынан кийин каралат».

Конституцияга ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары расмий токтотулганда өкмөт толугу менен кызматтан кетип, жаңы өкмөт куралганга чейин өкмөт мүчөлөрү милдетин аткаруучу болуп калат. «Фейсбук» социалдык тармагында эми парламенттеги башкаруучу көпчүлүк премьер-министрликке талапкер тандап, аны палатанын кароосуна сунуш кылышы керек экендиги талкууланууда.

Көпчүлүк коалиция жаңы премьерди тандайт

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов бул маселе Баш мыйзамга ылайык каралышы керек экенин айтты:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

«Президент шайланды да. Эми ал кызматка киришкенден кийин премьер-министрликке талапкер расмий түрдө көрсөтүлүшү керек. Көпчүлүк коалиция азыр иштеп жаткан Баш мыйзамга ылайык, премьер-министрликке талапкерлерди көрсөтүп, тандап жана жалпы парламенттин кароосуна сунуш кылат. Азыр бул кызматка барууну каалагандар көп. Бирок азыркы социалдык-экономикалык абалды эске алганда бул жогорку мамлекеттик кызматка тажрыйбалуу, чарбаны мыкты түшүнгөн иш билги жана жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис адам тандалышы керек. Анткени ишти алып кете ала турган адам керек. Ага өзүн сынап көргөнгө жана үйрөнүп отурганга убакыт жок. Анан дагы жаңы Баш мыйзам боюнча референдум өтөрү анык болуп калды. Референдум өтсө, жаңы Баш мыйзамга ылайык, андан кийин дагы жаңы өкмөт жаңы эрежелер менен бекитилет. Ага чейин азыр эми көпчүлүк коалиция талапкерди тандап, палата көрсөтүшү керек».

БШК расмий жыйынтыкты күтөт

БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялай элек. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова ал мыйзамда каралган мөөнөттө жарыялана турганын белгиледи:

«Мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде добуш берүүнүн расмий түрдө жыйынтыгы чыгарылып, анын натыйжасы аныкталат. Ошол күндөн баштап 30 күнгө чейин жаңыдан шайланган президенттин кызматка киришүү салтанаты дайындалып, өтүшү зарыл. Азыркы мезгилде аймактык шайлоо комиссияларында шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып жатат. Анан БШК да аны карап чыгып, республика боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, чечим кабыл алынат. Ошондон соң гана президенттин инаугурациясы тууралуу сөз кылсак болот».

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, мыйзамдын талабы боюнча президенттикке талапкер болуп катталардын алдында премьер-министрдин ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон. Узаган жылы 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык күчөп, элдик толкундоонун натыйжасында бийлик алмашкан. Андан соң өз ара мунасага келүү ыңгайына карап, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлап, БШК кезексиз президенттик шайлоо жарыялаган. Шайлоодо Садыр Жапаров алдын ала жыйынтык боюнча шайлоодо добуш берген жарандардын 79% ашуун добушун алып утуп чыкты.

XS
SM
MD
LG